Садыр Жапаров Тяньцзинде Вьетнамдын премьер-министри менен жолукту

Президент Загрузка... 01 Сентябрь 2025 20:05
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин абалы, актуалдуу маселелери жана өнүгүү келечеги, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп жактуу кызматташуу талкууланды.

Президент Садыр Жапаров жана Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти, ошондой эле өз ара сапарларды ишке ашыруу боюнча макулдашышты.