Садыр Жапаров Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмазды кабыл алды

Президент 1525 17 Сентябрь 2025 21:00
549119324_1340659171402047_1443079115286995652_n (1).jpg
548823497_1340659391402025_6557509865259238267_n.jpg
548023575_1340659414735356_4230865484953671786_n.jpg
547990216_1340659174735380_177912016084438803_n.jpg
548202260_1340659688068662_7749267113673718813_n.jpg
Алдыга
Артка
549119324_1340659171402047_1443079115286995652_n (1).jpg
548823497_1340659391402025_6557509865259238267_n.jpg
548023575_1340659414735356_4230865484953671786_n.jpg
547990216_1340659174735380_177912016084438803_n.jpg
548202260_1340659688068662_7749267113673718813_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда расмий сапар менен өлкөгө келген Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмазды кабыл алды.

Тараптар эки жактуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, өзгөчө көңүлдү саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууга, банк секторун өнүктүрүүгө жана инвестициялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө бурушту.

Мамлекет башчысы дүйнөлүк экономиканын туруксуздугу шартында тараптар биргелешкен аракеттер менен өз ара товар жүгүртүүнү 5 млрд АКШ долларына жеткирүүгө ниеттенип жатканын белгиледи.

Бул багытта өкмөттөр аралык комиссиянын иши жана экспорттук-импорттук алымдарды төмөндөтүү чаралары өзгөчө мааниге ээ.

Мындан тышкары, Кыргызстан түрк ишкерлерине энергетика, транспорт, логистика, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда инвестиция салуу үчүн жагымдуу шарттарды сунуштоого даяр.

Өз кезегинде Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз президент Режеп Тайып Эрдогандын атынан салам жолдоп, эки өлкөнүн лидерлеринин саясий эркинин аркасында Түркия менен Кыргызстандын кызматташуусу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткенин белгиледи.

Жевдет Йылмаз Кыргызстандын өнүгүүсүнө токтолуп, өлкөнүн экономикалык өсүш динамикасын, жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалап, инфраструктура жана курулуш тармагындагы оң өзгөрүүлөрдү белгиледи.

Жолугушуунун аягында тараптар көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүүгө жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук байланыштарын чыңдоого берилгендиктерин тастыкташты.