Садыр Жапаров Тоолуу-Алтайдагы эл аралык конференциянын катышуучуларына салам жолдоду

Президент 1396 18 Сентябрь 2025 10:48
548605200_1341226054678692_5566736620899975898_n (1).jpg
549792250_1341226161345348_3422716287435733162_n.jpg
549346669_1341226168012014_2451426560307419968_n.jpg
548141318_1341226064678691_3102924180832686218_n.jpg
548634732_1341226048012026_2173255942568969934_n.jpg
Алдыга
Артка
548605200_1341226054678692_5566736620899975898_n (1).jpg
549792250_1341226161345348_3422716287435733162_n.jpg
549346669_1341226168012014_2451426560307419968_n.jpg
548141318_1341226064678691_3102924180832686218_n.jpg
548634732_1341226048012026_2173255942568969934_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Россия Федерациясынын Тоолуу-Алтай шаарында "Алтай – түрк элдеринин байыркы мекени. Түрк цивилизациясынын башаты" II Эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.

Салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун конференциянын катышуучуларына жана конокторуна жолдогон куттуктоо сөзүн окуп берди.

“Алтай – бул жөн гана тоолордон, суулардан жана талаалардан турган географиялык аймак эмес. Бул – түрк мамлекеттүүлүгүнүн, маданиятынын, тилинин, салт-санаасынын жана дүйнөтаанымынын башаты болгон ыйык бешик. Дал ушул жерде бүгүнкү күнгө чейин түрк элдерин бириктирип турган руханий көрөңгөлөр калыптанган.

Кыргыз эли Алтай менен тарыхый жана руханий өзгөчө байланышты байыртан бери сезип келет. Орто кылымдарда алтай жергеси кыргыздардын ата мекени болгон. Ата-бабаларыбыз кылымдар бою ушул жерде жашап, түрк элдерине таандык жалпы салттарды сактап, өнүктүрүп келишкен. Биз – бир тилдүү, бир тектүү үй-бүлөнүн өкүлдөрүбүз, ошондуктан алтайлыктар менен жолукканда бири-бирибизди сөз менен эле эмес, жан дүйнө менен да түшүнөбүз.