Садыр Жапаров: Тоо, мөңгү жана дарыяларыбызды сактап, келечек муунга өткөрүп беришибиз керек

Экология Загрузка... 29 Август 2025 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

25-августта президенти Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгинде таштандыларды ыктыярдуу түрдө тазалап таанымал болгон экоактивист Андрей Панаев менен жолугушту. Садыр Жапаров Андрей жөнүндө интернеттен билип, ага жеке ыраазычылык билдирген.

«Сиздин ишиңиз көпчүлүккө үлгү. Экологиянын жана жаратылыштын чеги жок. Бүткүл дүйнө бир аба менен дем алат. Ошондуктан жер жүзүндөгү ар бир адам сиздей болушу керек», - деп баса белгилеген.

Кыргызстандын элинин атынан, ыктыярчылардын жана экоактивисттердин атынан президент ата мекендик автоунаа белекке берди.

Ал эми, эки күндөн кийин, 27-августта Садыр Жапаров «Кумтөр Голд Компани» ишканасында алтынды жер астынан казып алуу долбооруна старт берди.

«Кумтөрдө алтынды жер астынан казып алуу – бул айлана-чөйрөнү коргоонун жана бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган мөңгүлөрүбүздү сактап калуунун эң маанилүү кадамы», - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ал бул иш 20 жыл мурда эле башталышы керектигин, бирок алтынды жер астынан иштетүүнүн ордуна, чет элдик компания мурдагы бийлик жана коррупциялашкан чиновниктер менен жашыруун сүйлөшүүлөргө барып, арзан жана оңой жолду – ачык карьерди тандап алганын, ошону менен бирге мөңгүлөрдү жок кылганын белгиледи.

Бул эки окуяны бир маанилүү тема бириктирип турганы талашсыз – айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу жана Кыргызстандын жаратылыш байлыгын коргоо. Кыргызстандын президенти жаратылышка жасалган ар кандай кол салууларды жана анын булганышын оор кабыл алары баарына белгилүү. Садыр Жапаровдун эс алуучулар калтырган таштандыларды тоолордо жана Ысык-Көлдүн жээгинде жеке өзү чогултуп жүргөн видеосун баары көргөн.

Айлана-чөйрөнү булгоо менен күрөшүү – бул экология маселеси гана эмес, жарандардын маданиятынын жана аң-сезиминин көрсөткүчү, - деп айткан президент үчүнчү Элдик курултайда.

«Айлана-чөйрөнү булгоо – бул өзүңдү, өз элиңди жана Кыргызстандын жаратылышын сыйлабастык. Өлкөнүн тазалыгы тазалоодон эмес, биздин аң-сезимибизден башталат. Жүрөгүбүздө мекенге, анын жаратылышына жана өзүбүзгө болгон урмат-сый орношу керек. Ошондо гана биз республикабызды келечек муундар үчүн таза сактап кала алабыз», - деген Садыр Жапаров.

Президенттик кызматта иштеген мезгилинде жаратылышты коргоо анын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калды.

2021-жылы Глазго шаарында Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун 26-Конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында өлкө башчы өз сөзүндө дүйнөлүк коомчулук менен биргеликте таза суунун булагы болгон мөңгүлөрдү сактоо бүгүнкү күндө маанилүү маселе экенин баса белгилеген.

Садыр Жапаровдун дагы бир демилгеси – бул Эл аралык тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жылынын жана Кыргызстанда тоолуу экосистемаларды коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында ал тарабынан башталган «Жашыл мурас» улуттук кампаниясы.

«Дүйнөдөгү ар бир адам, ким болбосун, кайсы өлкөдө жашабасын, климатка тийгизген терс таасирлерге каршы күрөшүүсү керек. Бийик тоолуу, кышы суук Кыргызстанда жашайбы же ысык Африкада жашайбы, баары бир», — деген ал ошондо.

Кумтөрдө алтынды жер астынан казып алуу мөңгүлөрдүн ээришин токтотот, бирок глобалдык жылуулуктун процесстери баары бир уланууда. Температуранын көтөрүлүшүнөн улам биринчи кезекте тоолуу экосистемалар жабыркайт. Бул мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышына жана таза суунун запастарынын азайышына алып келет. Эколог Бактыбек Саипбаев «Кабар» агенттигине берген маегинде мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча кризиске каршы иш-чараларды сунуштады.

«Мөңгүлөрдүн тегерегиндеги тоолордун боорлоруна жыл сайын пландуу жана системалуу түрдө, узак убакыт бою (болжол менен 20-30 жыл) дарактардын көчөттөрүн (эң жакшысы Тянь-Шань карагайларын) отургузуу зарыл. Гидробиотикалык насос принциби боюнча бул дарактар тамырлары менен жер астына терең кирип суу чыгарып, атмосферага ным бөлүп чыгара баштайт. Бул ным андан кийин конденсацияланып, булуттарды пайда кылат. Өз кезегинде булуттар мөңгүлөрдүн үстүнө жамгыр жана кар түрүндө ным бере баштайт. Акыры бул жаан-чачын мөңгүлөргө жаңы муз пайда кылууга жардам бере баштайт. Башкача айтканда, алардын деградациясын жайлатат. Мындан тышкары, мөңгүлөрдүн чет жакаларына кар замбиректерин, генераторлорду жана муз конденсаторлорун орнотуп, мөңгүлөрдүн эришин токтотуп, жылышын токтотууга болот”,- дейт Бактыбек Саипбаев.

Эксперттин айтымында, тоолуу аймактарда жылуулуктун темпин кыйла төмөндөтүп, мөңгүлөрдүн бузулушун токтотуу үчүн, мөңгүлөр зонасынын тегерегиндеги тоолордун боорлоруна көчөттөрдү системалуу түрдө отургузуу, ошондой эле Нарын дарыясына ГЭС каскадын курууну аяктап, аларда толук кандуу суу сактагычтарды түзүү керек. Алардын бетинен суунун бууланышы булуттардын пайда болушуна жардам бермек.

Мамлекеттик жана саясий ишмер, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов Фейсбуктагы баракчасында Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш жерлерин коргоонун жана сактоонун эффективдүү ыкмасын сунуштайт.

«Кыргызстан – бийик тоолордун, тунук дарыялардын жана көлдөрдүн, байыркы токойлордун жана берекелүү өрөөндөрдүн жери. Бүгүн биздин алдыбызда ыйык милдет турат – Ата Журттун жаратылышын келечек муундарга сактап жеткирүү. Кыргызстандын бермети – Ысык-Көл өзгөчө камкордукка муктаж, ал Жаңы Зеландиядагы Вангануи дарыясы сыяктуу эле өз алдынча укук субъектиси катары таанылышы керек. Ушундай эле укуктук статусту дүйнөдө уникалдуу болгон Арсланбап жаңгак токойлоруна да бекитүү зарыл. Бул байлыктарды жөн гана ресурс катары кароого болбойт – бул биздин маданиятыбыздын жана келечегибиздин тирүү сакчылары»- деп жазган Токон Мамытов.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, жаратылыш укуктун субъектиси боло алат деп белгилеген. Көлгө, дарыяга, токойго же корукка субъекттүүлүк берүү – бул антропоцентрдик укуктан (мында жаратылыш - адам үчүн ресурс) экосистемалык укукка (мында жаратылыш - мамилелердин тең укуктуу катышуучусу) өтүү. Кыргызстан үчүн бул революциялык кадам болот: Ысык-Көл, Арсланбап, Сары-Челек жана башка ыйык жерлер коргоо статусуна гана ээ болбостон, юридикалык жактан коргоого мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушат.

«Көл же токойдун атынан сотко кайрылууга болот, бул жеке адам же уюм сыяктуу эле. Мисалы: Ысык-Көл булганса же Арсланбап мыйзамсыз кыйылса, доо арызды экологдор же мамлекет гана эмес, жаратылыш объектисинин атынан да берүүгө болот.

Мамлекеттик органдар, бизнес жана жарандар алардын алдында "ресурс" эмес, укук субъектиси бар экенин эске алышы керек. Экологиялык зыян укук бузууга теңештирилет: көлдүн булганышы - Ысык-Көлдүн тазалыкка жана жашоого болгон укугунун бузулушу. Жаратылыш саясий циклдерге, өкмөттүн алмашуусуна же бизнестин кызыкчылыктарына көз карандысыз туруктуу укуктук коргоого ээ болот", - деп жазат Токон Мамытов.

Автордун айтымында, жаратылыш объекттерине ушундай юридикалык макам берүү Кыргызстанды заманбап экологиялык тенденцияларга (жаратылыш укугу – экоцентрдик укук) жакындатат, бул өлкөнүн эл аралык форумдардагы (БУУ, ЮНЕСКО, экосаммиттер) позициясын күчөтөт жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн гранттарды жана инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.

Ысык-Көл, Арстанбап, Сары-Челек, Сулайман-Тоо сыяктуу Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш объекттерин сактоо менен биз Кыргыз Республикасынын келечегин сактап калабыз.