Селге да, суукка да туруктуу эко-үйлөр: Эмне үчүн чакан турак жайларга өтө башташты?

Экология Загрузка... 26 Май 2026 11:55
ChatGPT Image 26 мая 2026 г., 11_53_03.png
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Акыркы жылдары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөдө жаз-жай айларында сел кырсыктарынын катталышы көбөйүүдө. Ал эми кышкысын энергия тартыштыгы, шаарларда абанын булганышы курч маселеге айланды. Табиятты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо багытында бул чакырыктарга жооп катары Кыргызстандын курулуш тармагында жаңы багыт энергоэффективдүү, чакан жана жаратылыш кырсыктарына туруктуу үйлөрдү куруу тенденциясы күч алууда.

Мамлекеттик деңгээлде, эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү курулуш инженерлеринин демилгеси менен бүгүнкү күндө коопсуз, табият кырсыктарына туруктуу жана жылуулукту сактаган турак жайлардын жаңы моделдери сунушталууда. Мисалы, чопо, жыгач жана саман сыяктуу табигый материалдардан же жеңил конструкциядан үйлөр курулуп жатат. Учурда "жашыл" курулуш жөн гана убактылуу мода эмес, климаттын жана экономиканын чакырыктарына карата зарыл талап болууда.

Энергия үнөмдөө: чакан жана жылуу үйлөргө өтүү

Азыр мурдагыдай 2-3 кабаттуу, жылытууга кыйын болгон чоң үйлөрдүн актуалдуулугу жоголуп баратат. Энергия ресурстарынын тартыштыгы жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу чакырыктарды эске алуу менен чакан, бир кабаттуу аянты өтө чоң эмес үйлөргө суроо-талап өскөндүгүн “Кабар” маалымат агенттигине KyrSEFF "жашыл" экономиканы каржылоо программасынын инженери, энергияны үнөмдөө боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов билдирди.

"Азыркы учурда чакан үйлөрдү куруу актуалдуу болуп калды. Анткени бул энергияны, ресурсту туура пайдалануу, жылуулукту үнөмдөө багытында жасалган чара. Энергияны үнөмдөө жашоо маданияты биздин жашоо-турмушка кирип калды. Көпчүлүк үйлөрдө көмүрдү көп жагууга туура келет. Мында үйлөр көптөгөн жылуулук жоготууларга дуушар болуп жатат. Бул кадимки үйдүн ичинде дубал, пол, шып, эшик, терезе аркылуу жылуулуктун баары чыгып кетүүдө.
Энергияны азырак пайдалануу же жылуу үйдү камсыз кылуу ошол эле жоготууларды азайтуу же жокко чыгаруу менен байланыштуу. Аталган жерлердин бардыгын жылуулап, суукту өткөрбөгөн деңгээлге жеткирсек, термос сыяктуу имараттын ичинде жылуулукту сактап, энергияны аз пайдаланууга жетсек болот. Бирок термо үйлөрдү курууда аба алмаштырууну эске алуу зарыл", — деди Кулумбетов.

Энергоэффективдүү үйлөрдү каржылоо

Эксперттин маалыматына ылайык, өлкөдөгү кадимки үйлөр жылуулукту абдан начар кармайт. Көмүрдү көп жакканыбыз менен жылуулукту толук камсыз кыла албай, тескерисинче, айлана-чөйрөгө көмүр кычкыл газын чыгарууну көбөйтөбүз. Жаңы курулуп жаткан үйлөр жаңы технологияларды колдонуу менен жылуулук жоготууну кескин азайтууда.

"Энергоэффективдүү үйлөрдү курууга учурда уюмдар, мамлекет тарабынан насыялар берилет. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 2013-жылдан бери өлкөдө энергоресурстарды үнөмдөө багытында гранттык жардам менен каржылоо берип келүүдө. Азыркы учурда 3-фазасы ишке ашып жатат. Насыя алып, ошол насыянын суммасынан 15%га чейин грант түрүндө кайра кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, жарандар үйлөрүн жылууласа болот.
Бизнес багытында, чакан жана көп кабаттуу үйлөрдү курууда каржылоо долбоордун көлөмүнө жараша берилет. Негизинен айлана-чөйрөгө зыянды азайтып, энергияны аз пайдаланууга мүмкүнчүлүк бере турган долбоордун баарын колдойт. 2013-жылдан берки каржылоонун 3-фазасынын жалпы суммасы 105 млн долларды түздү жана бул долбоор 2028-жылга чейин иштейт. Азыр каржылоонун 3-фазасында 55 млн долларды ишке ашырып жаткан учурубуз.
Бүгүнкү күндө өлкөдө актуалдуу иштеп жаткан банктар: "KICB", "DemirBank", "ФИНКА Банк". Өлкөдө "жашыл" каржылоо бир катар мамлекеттик банктар аркылуу да жүргүзүлүүдө", — деди ал.

Андан тышкары, Кыргызстанда жылуулукту үнөмдөгөн үйлөрдүн акысыз даяр долбоорлору сунушталып келет. Каалаган жаран белгиленген аянттагы энергия үнөмдөөчү үйлөрдүн долбоорлорун ала алышат.

Табигый кырсыктарга туруктуу жана коопсуз үйлөр

Кыргызстан негизинен тоолуу өлкө болгондуктан, тоо этектериндеги айылдар үчүн сел, жер көчкү жана жер титирөө чоң коркунуч жаратат. Мындай шартта табигый кырсыктарга туруктуу үйлөрдү куруу учурдун талабы.

"Селге, жер титирөөгө туруктуу үйлөрдү куруу боюнча Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан кошумча чаралар киргизилип, учурда талаптар күчөтүлүп жатат. Бул багытта чоң, көп кабаттуу үйлөр үчүн мыйзам сөзсүз аткарылышы керек.
Биз ушул багытта иштеп жаткан мекеме катары энергоаудит жасап, имараттарды кайра реконструкция, модернизация кылууда жер титирөөгө туруктуулукту сөзсүз эске алганга аракет кылабыз. Жашыл каржылоо багытында көбүнчө айлана-чөйрөгө зыянды азырак келтирүү мүмкүнчүлүгүн эске алгандыктан, энергияны, ресурсту үнөмдөөгө көбүнчө басым жасалат. Бирок азыр курулуп жаткан чоң имараттар, дегеле бардык курулуштар сөзсүз түрдө жер титирөө, сел сыяктуу табият кырсыктарына туруктуулугун эске алуу менен курулат", — деди адис.

Климат өзгөрүлүп, энергияга болгон суроо-талап өсүп жаткан азыркы шартта сапаттуу, энергоэффективдүү үйлөрдү куруу элдин өз жеринде коопсуз жашоосуна шарт түзөт. Кыргызстанда курулуп жаткан заманбап, чакан эко-үйлөр жөн гана кезектеги курулуш эмес, бул туруктуулук, айлана-чөйрөгө кам көрүү жана тартыш болуп жаткан энергияны үнөмдөө. Бул технологиялар жарандардын каражатын үнөмдөп, өмүрүн табигый кырсыктардан коргойт жана экологиянын тазалыгын сактоого көмөктөшөт.