Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Энергетика министри Таадайбек Ибраев Корея жана Монголиядан келген бизнес-делегациянын өкүлдөрү менен жолукту.
Ведомстводон билдиришкендей, бизнес делегациянын өкүлдөрү өлкөгө Кыргызстандын Монголиядагы элчисинин демилгеси менен президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин катынын негизинде келишкен.
Министр Ибраев белгилегендей, Кыргызстан ири энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде күн жана шамал электр станцияларын ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартууга жана энергетика тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар. Ал өлкөнүн энергетика системасы жана энергетика тармагындагы келечектүү долбоорлор жөнүндө айтып берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Корея жана Монголиянын DOHWA Engineering Co. Ltd, HS Solar Energy Co. Ltd, CS WIND Co. Ltd компанияларынын өкүлдөрү тарабынан презентация көрсөтүлдү.
DOHWA Engineering Co. Ltd: компаниясы 1957-жылы негизделген, Түштүк Кореядагы ири долбоорлоо жана инженердик ишканалардын бири. Компаниянын ар кайсы өлкөлөрдө 6,9 миңден ашык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы бар. Компания өкүлдөрү Кыргызстан менен энергетика жана инфраструктуралык курулуш тармагындагы долбоорлор боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.
HS Solar Energy Co. Ltd: Компания күн энергиясы объектилерин куруу тармагындагы тажрыйбасын көрсөттү. Атап айтканда, алар ар кандай өлчөмдөгү күн электр станцияларын иштеп чыгуу жана куруу менен алектенишет, ошондой эле күн энергиясы системаларын эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча кызматтардын толук спектрин сунуш кылышат.
CS WIND Co. Ltd: Шамал турбиналары үчүн мунараларды чыгаруучу компания Кыргызстандын шамал энергетикасын өнүктүрүүгө инвестиция салууга даяр экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты: анын ичинде күн жана шамал энергетикалык долбоорлору, таза энергияны өндүрүү үчүн инфраструктураны түзүү.
Бардык тараптар өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга же кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу үчүн конкреттүү кадамдарды талкуулоону жана пландоону улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Биргелешкен долбоорлорду дыкат иштеп чыгуу жана андан ары өз ара аракеттенүү үчүн жумушчу жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.