Садыр Жапаров Тонганын премьер-министри Аисаке Эке менен жолугушту

Президент 1389 25 Сентябрь 2025 09:20
552496541_1347566067378024_505764508515132034_n.jpg
552934724_1347566077378023_5294366114143703710_n.jpg
Алдыга
Артка
552496541_1347566067378024_505764508515132034_n.jpg
552934724_1347566077378023_5294366114143703710_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Нью-Йорк шаарында Тонга Падышалыгынын премьер-министри Аисаке Эке менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында демилгелерди өз ара колдоого макулдашты.

Кыргызстан менен Тонганын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2022-жылдын 7-декабрында түзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров географиялык алыстыкка карабастан, Кыргызстан менен Тонганын өнөктөштүгүн алдыга жылдырууга көптөгөн жалпы кызыкчылыктар бар экенин белгиледи.

«Өлкөлөрүбүз климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө маани берет. Тонга деңиз деңгээлинин көтөрүлүүсүнө каршы күрөшсө, Кыргызстан мөңгүлөрдүн эрүү көйгөйүнө туш болууда», - деп белгиледи ал.

Өз кезегинде Тонганын премьер-министри Аисаке Эке өз өлкөсүнүн Кыргызстан менен эки жактуу, ошондой эле көп тараптуу форматтарда конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.