Садыр Жапаров Тажикстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Загрузка... 30 Июнь 2025 18:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинди Чолпон-Ата шаарында кабыл алды.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга алдыда боло турган сапарын талкуулашты.

Мамлекет башчы биргелешкен аракеттердин аркасында Кыргызстан менен Тажикстан эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө туруктуу өнүгүү динамикасын берүүгө жетишкенин белгиледи.

Садыр Жапаров ошондой эле үстүбүздөгү жылдын март айында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө тарыхый келишимге кол коюлганын эске салды.

Президент эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгына көңүл бурду.

Эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы коңшулаштыкты бекемдөө жана достук байланыштарды өнүктүрүү жөнүндө сөз кылып жатып, президент Садыр Жапаров маданий-гуманитардык тармакта биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Сирожиддин Мухриддин бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты арттырууга даярдык билдирди.

Бул контекстте ал өз ара сооданын көлөмү өсүп жатканын белгиледи. Тажикстандын ведомстволорунун алдына товар жүгүртүүнүн көлөмүн олуттуу көбөйтүүгө багытталган жаңы чараларды иштеп чыгуу милдети коюлган.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин ошондой эле өлкөлөр көп тараптуу форматта: БУУ, КМШ, ШКУ, ЖККУ жана башка бирикмелердин алкагында да өз ара аракеттенүүнү бекемдеп жатканын баса белгиледи.