Садыр Жапаров Тажикстандын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент 1969 09 Июль 2025 16:06
518110281_1278741217593843_7164576209139219617_n.jpg
516473264_1278741230927175_2277634108252159868_n.jpg
518165211_1278741207593844_4493773451217096962_n.jpg
517097573_1278741210927177_2939756254539996321_n.jpg
Алдыга
Артка
518110281_1278741217593843_7164576209139219617_n.jpg
516473264_1278741230927175_2277634108252159868_n.jpg
518165211_1278741207593844_4493773451217096962_n.jpg
517097573_1278741210927177_2939756254539996321_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Душанбе шаарында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Премьер-министр Кохир Расулзода бүгүнкү сапар эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин оң динамикасын чагылдырарын баса белгиледи. Ал эки өлкөнүн лидерлеринин саясий эркинин аркасында кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсү жаңы деңгээлге чыкканын ырастады.

Тажикстандын премьер-министри өз ара түшүнүшүүнүн бекемделиши жана практикалык кызматташтыктын кеңейиши менен тараптар мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө эки жактуу кызыкдарлык көрсөтүп жатканын белгиледи.

Кохир Расулзода президент Садыр Жапаровдун сапары кызматташтыкты, биринчи кезекте экономикалык чөйрөдө, ошондой эле инфраструктура, өнөр жай, айыл чарба жана башка багыттарда кеңейтүүгө олуттуу түрткү берерине ишеним билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров бул жыл кыргыз-тажик мамилелериндеги маанилүү учур экенин белгиледи. Кылдат чечилген маселелер, келишимдерди кагаз бетине түшүрүү, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар – мунун баары мамлекет башчыларынын бекем саясий эркинин жана өкмөттөрдүн тынымсыз эмгегинин натыйжасы экени талашсыз.

Мамлекет башчысы сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтер, ошондой эле өкмөттөрүбүздүн жүргүзүп жаткан иштери эки өлкөнүн жана элдин түбөлүк достугунун бекем пайдубалын түптөй турганын канааттануу менен белгиледи.

Буга байланыштуу президент бардык макулдашууларды жана коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу учур келгенин белгилеп, кыргыз-тажик мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын айтты.

Соңунда президент Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелердин ийгиликтүү өнүгүшүндө өкмөт башчыларынын иши чечүүчү факторлордун бири болуп саналарын эске алып, эки мамлекеттин премьер-министрлери да кыргыз-тажик алакаларынын гүлдөп-өсүшү үчүн максималдуу күч-аракет жумшаарына ишеним билдирди.