Президент: Так аныкталган чек арасыз мамлекет өзүн коопсуз сезе албайт

Президент Загрузка... 27 Февраль 2026 12:25
Sadyr-ZHaparov-1.2e.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Так аныкталган чек арасыз мамлекет өзүн коопсуз сезе албайт. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде билдирди.

Президенттин айтымында, чек ара маселесин чечүү өлкө үчүн оңой болгон жок.

"Чек ара маселеси өлкө үчүн эң оор көйгөйлөрдүн бири эле. 30 жылдан ашык убакыт бою талаштуу аймактардагы тактала элек тилкелерде дайыма чыңалуулар болуп, эң аянычтуусу жарандарыбыз оор жоготууларга учурап, жергиликтүү эл күнү-түнү тынчсыздануу менен өмүр сүрүп келишкен. Ары татаал, көп кырдуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен чек ара маселеси жөнгө салынды. Мындай маселелерде жөнөкөй кадамдар жарабайт. Эң негизги критерий — улуттук кызыкчылыкты коргоо жана ошол эле маалда экинчи тараптын сөзүн да уга билүү менен тыкыр иш жүргүзүлдү", - деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтүүдө. Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышып жатат.