Садыр Жапаров Сузакта жаңы мектептин имаратын ачты

Президент 1085 30 Август 2025 11:37
IMG_20250830_112537_944.jpg
IMG_20250830_112538_132.jpg
IMG_5569.jpeg
IMG_5568.jpeg
IMG_5567.jpeg
IMG_5566.jpeg
IMG_5565.jpeg
IMG_5564.jpeg
IMG_5563.jpeg
IMG_5562.jpeg
IMG_5561.jpeg
IMG_5560.jpeg
IMG_5559.jpeg
IMG_5557.jpeg
IMG_5556.jpeg
IMG_5555.jpeg
IMG_5554.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_20250830_112537_944.jpg
IMG_20250830_112538_132.jpg
IMG_5569.jpeg
IMG_5568.jpeg
IMG_5567.jpeg
IMG_5566.jpeg
IMG_5565.jpeg
IMG_5564.jpeg
IMG_5563.jpeg
IMG_5562.jpeg
IMG_5561.jpeg
IMG_5560.jpeg
IMG_5559.jpeg
IMG_5557.jpeg
IMG_5556.jpeg
IMG_5555.jpeg
IMG_5554.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Миң-Өрүк айылында Нышанбай Алыкулов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы азыркы учурда мамлекет биринчи кезекте келечек муунга кам көрүшү керектигин белгиледи.

“Айыл болобу, шаар болобу окуучуларыбыздын мыкты окуп чыгышы үчүн оболу мектептердеги абалды: эскилерин жаңыртып, кошумча имаратка муктаждарына жаңы корпустарды салып берип оңдоп жатабыз”, - деп белгиледи ал.

Президент мындай камкордук Нышанбай Алыкулов атындагы мектепке да көрсөтүлгөнүн белгиледи. Мектептин жаңы имараты заман талаптарына жооп берет, балдардын билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Мурда мектептин имараты эки корпустан турган. 1890-жылы имараттардын бири 10 бөлмөгө ылайыкталып курулган. 1928-жылдан баштап ал кайрадан жабдылып, 10 класстык бөлмөсү бар мектеп катары колдонула баштаган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш материалдары көп жылдык пайдалануудан улам эскирип кеткени аныкталган: пайдубалы чөгүп кеткен, ал эми негизги дубалдарда жаракалар пайда болгон, ошондуктан мектептин жаңы имаратын куруу чечими кабыл алынган.

Президент өз сөзүндө мугалимдер жана жергиликтүү тургундар үчүн маалымат иретинде билим берүү системасындагы айрым жаңылыктар менен бөлүштү.

“Азыр дүйнө тынымсыз, күн сайын өзгөрүү жолунда. Дүйнөдө технологиялар укмуштуудай ылдамдыкта өнүгүп жатканын баарыбыз көрүп-билип жатабыз. Ошондуктан дүйнө агымынан артта калбай, эң оболу билим берүүнүн түзүмү гана эмес, мазмуну да өзгөртүүгө бел байладык. 12 жылдык билим берүү системасына 150дөн ашуу өлкө өтүптүр. Демек, натыйжалуу система. Биз дагы бул системаны дыкат иликтеп, өзүбүзгө ыңгайлаштыруу менен дүйнө баскан жолго багыт алышыбыз керек”, - деди Мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле билим берүү системасын ар тараптуу өзгөртүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана алдыңкы билим берүү технологияларын киргизүүгө багытталган улуттук «Алтын Казык» программасы тууралуу айтты.

Мамлекет башчысы билим берүүнү санариптештирүү багытында компьютердик техникалар сатып алынып, 27 миңден ашык ноутбук даярдалып, мугалимдерге таратылып берилгенин билдирди.

Жакынкы окуу жылына карата математика, табият таануу жана англис тили боюнча жаңы окуу китептери даярдалып жатат.

Мындан тышкары, ал эгемендигибиздин 34 жылдыгына карата 100 социалдык обьекти, анын ичинде билим берүү мекемелери ачылып, пайдаланууга берилгенин белгиледи.

“Мугалимдердин орду эбегейсиз зор болору талашсыз. Көз майын коротуп, бүткүл дитин балдарга бурган мугалимдерибиздин эмгегин баалоого милдеттүүбүз. Эмгек акыңыздарды дагы көтөрөбүз. Биз сиздердин маянаңыздарды заман талабына ылайыктоонун аракетиндебиз”, - деп баса белгиледи президент.

Ошону менен бирге ал келечек муунду тарбиялоо жана окутуу милдети бир гана мектепке жүктөлбөш керектигин баса белгиледи. Ата-энелер өздөрүнүн бийик жоопкерчилигин сезиши кажет. Алардын өздөрү да билимдүү, маданияттуу, үлгүлүү болушу абдан маанилүү.

“Мектеп — бул билимдин башаты, адамдык нарктын түптөлгөн жайы. Ал мамлекеттин эртеңки күнүн аныктап, келечектин пайдубалын түптөгөн касиеттүү очок болуп эсептелет”, - деди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров окуучуларга алардын оргуштаган билимге, улуттук дем-күчкө тунуп турушун, жалпы мугалимдер жамаатына албан-албан ийгиликтерди жана жаңы мектептин багыт алган жолу байсалдуу болушун каалады.

Соңунда президент Садыр Жапаров жаңы мектептин имаратын, анын ичинде окуу класстарын, спорттук жана жыйындар залдарын, ашкана жана башка бөлмөлөрдү көрүп чыкты.