Президент Сузакта жаңы курулган саркынды сууларды тазалоочу комплекс менен таанышты

Президент 13 май 2025 09:29
496768017_1229921182475847_394837348306446162_n.jpg
496158329_1229921239142508_796030958397168617_n.jpg
496163044_1229921185809180_3996831747963088435_n.jpg
496253283_1229921595809139_8573116937049444135_n.jpg
496302011_1229921412475824_315750545921988936_n.jpg
496303101_1229921229142509_565591047585956488_n.jpg
496304665_1229921449142487_673671375665074124_n.jpg
496927811_1229921579142474_271866014680943418_n.jpg
497680595_1229921455809153_5549849863073957492_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров күн мурун Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районуна барып, жергиликтүү саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын жаңы комплекси менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчыга маалымдалгандай, жаңы объект 4 га жер аянтына курулуп, суткалык өндүрүмдүүлүгү 2000 м³ чейин жетет.

Жаңы канализациялык коллектордун узундугу 6 км түзөт. Курулма «Сузак-Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп, МИКтин жаңы турак жай комплекстерин жана бул аймакка жанаша жайгашкан жеке үйлөрдү тейлейт.

Бул долбоор Сузак айылында социалдык турак жайларды куруу программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү үчүн ишке ашырылган. Тазалоочу курулма комплекси заманбап экологиялык талаптарды жана инновациялык технологиялык чечимдерди эске алуу менен иштелип чыккан жана курулган. Ал жаңы канализация түйүнүн курууну камтыйт жана агынды сууларды механикалык жана биологиялык тазалоодон баштап, жаан-чачындарды кургатууга жана кайра иштетүүгө чейинки толук тазалоо циклин камсыз кылат.

Мындай ыкма тазаланган сууну кайра колдонууга мүмкүндүк берет. Тазалоонун бардык баскычтарынан өткөндөн кийин сууну техникалык максаттарга жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн пайдаланууга болот, бул аймактын жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга жана экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.