Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Соңку жылдары мамлекет өнүгүүүнүн жаңы баскычына чыкты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, экономика өсүп, ондогон ири инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашып, жаңы жолдор, мектеп, социалдык объекттер курулуп жатат. Өндүрүш, энергетика, айыл чарба, транспорт жана логистиканы өнүктүрүүгө багытталган иштер тынымсыз жүрүүдө.
“Өлкөнүн өнүгүшү, экономиканын өсүшү, коомдук туруктуулуук жана жарандардын жашоо сапаты көп жагынан мыйзам чыгаруу бийлигинин натыйжалуу ишине байланыштуу болот. Кыргызстанды күчтүү экономикасы бар заманбап инфрастүзүмү өнүккөн, жарандарына сапаттуу билим алууга, эмгектенүүгө, ишкердик жүргүзүүгө жана татыктуу жашоого кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн мамлекетке айландыруу ар бирибиздин милдетибиз. Бул максатка бийликтин бир бутагынын гана аракети менен жетүү мүмкүн эмес. Президент, Жогорку Кеңеш жана министрлер кабинети мамлекеттин саясатынын негизги багыттары боюнча өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу менен иш алып барганда гана мамлекет алдыга жыларын дагы бир жолу баса белгилеп айта кетейин”, - деп айтты президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров мындан ары да парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкты бекемдөө зарыл экендигин кошумчалады.