Садыр Жапаров Си Цзиньпин менен Астанада жолугушат

Президент 16 июнь 2025 22:50
Садыр Жапаров  Си Цзиньпин менен Астанада жолугушат
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Астанада жолугушуу өткөрөт.

Жолугушуу эртең, 17-июнда Казакстандын борбору Астана шаарында өтчү «Борбор Азия - Кытай» экинчи саммитинин алкагында орун алмакчы.

Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелеринин бардык спектри боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.