Садыр Жапаров Швейцария элчисин дипмиссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Президент 2088 10 Июнь 2025 16:30
504658214_1253462316788400_180401403520170322_n (1).jpg
505116272_1253462466788385_7263003492783346091_n.jpg
505306580_1253462300121735_4231668075816557452_n.jpg
504813498_1253462463455052_2391160606288604522_n.jpg
Алдыга
Артка
504658214_1253462316788400_180401403520170322_n (1).jpg
505116272_1253462466788385_7263003492783346091_n.jpg
505306580_1253462300121735_4231668075816557452_n.jpg
504813498_1253462463455052_2391160606288604522_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июнда Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертерди анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчи Оливье Бангертерге Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент элчи Оливье Бангертер Кыргызстанда кызмат аркалаган мезгилде эки тараптуу кызматташтыктын динамикасы жигердүү жогорулагандыгын канааттануу менен белгилеп, ден соолук, таза суу менен камсыздоо, энергетика, өзгөчө кырдаалдар, туризм, текстиль өнөр жайы багыттарындагы, ошондой эле жаңы конуштарга жардам тартуу боюнча долбоорлорду баса көрсөттү.

«Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өз ара кызыкчылыкты туудурган бардык чөйрөлөрдө ырааттуу өнүгө берет деп ишенем», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертер анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө көрсөткөн колдоосу жана кызматташтыгы үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди жана эки өлкөнүн ортосундагы бардык багыттар боюнча кызматташуунун мындан аркы өнүгүүсүнө ишеним көрсөттү.