Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданий жана спорттук делегацияларын Кыргызстан 2026-жылдын күзүндө өткөрүүнү пландап жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сөз сүйлөп жатып айтты.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өлкөбүздүн визиттик карточкасына айланып, 2026-жылы Кыргызстан бул уникалдуу маданий-спорттук иш-чарада дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторду кайрадан кабыл алууга даяр", - деди өлкө башчысы.