Жапаров Мирзиеёв менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эмнелер талкууланды?

Президент Загрузка... 15 Май 2026 15:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Казакстандын Түркстан шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв менен жолугушту.

Тараптар ынак коңшулаштык, өз ара сый жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлдеги саясий диалогун жана динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилешти.

Соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого, көп пландуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана региондо туруктуу өнүгүүнү, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргелешкен аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин ырасташты.