Садыр Жапаров Сауд Аравия Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын башчысын кабыл алды

Президент 1543 22 Май 2025 16:45
500309960_1237863825014916_8062760011432068526_n (1).jpg
499522860_1237863808348251_2960154932559601501_n.jpg
499561072_1237863811681584_4101128381962990022_n.jpg
499232963_1237863965014902_391639599643881300_n.jpg
499617608_1237863805014918_3785650907883009071_n.jpg
499676051_1237863928348239_2889954802700083434_n.jpg
499955239_1237863875014911_6689547482241645600_n.jpg
Алдыга
Артка
500309960_1237863825014916_8062760011432068526_n (1).jpg
499522860_1237863808348251_2960154932559601501_n.jpg
499561072_1237863811681584_4101128381962990022_n.jpg
499232963_1237863965014902_391639599643881300_n.jpg
499617608_1237863805014918_3785650907883009071_n.jpg
499676051_1237863928348239_2889954802700083434_n.jpg
499955239_1237863875014911_6689547482241645600_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.05.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда Сауд Аравиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзини жана падышалыктын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууда инвестициялык кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы 21-майда Бишкекте өткөн Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Соода-өнөр жай палаталарынын төрагасы баштаган Сауд Аравиянын делегациясы кыргыз ишкерлери менен конструктивдүү мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алды деген ишенимин билдирди.

Президент Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу айтып берип, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү аракеттерине басым жасады. Белгиленгендей, өлкөдө инвесторлордун укуктарын коргоо жана ишкерлик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу боюнча мыйзамдык чаралар кабыл алынган.

Садыр Жапаров дараметтүү кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде энергетика, туризм, кыймылсыз мүлк, банк сектору, логистика, санариптештирүү жана айыл чарба экспортун белгиледи.

Өз кезегинде Сауд Аравиянын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Кыргызстан келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зор потенциалы бар, жагымдуу жана негизинен али өздөштүрүлө элек аймак экенин белгиледи.

Ал ошондой эле эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда жигердүү жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даярдыктарын ырастады.