Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Буга чейин Садыр Жапаров БУУнун трибунасында үч жолу сөз сүйлөгөн. Мында ал дипломатиялык абалды эске алган сыпаа тексттен баш тарткан.
“Бирок быйыл мен бул бийик трибунага чыгып, дипломат болбой эле коёюн деп чечтим.
Быйыл мен бул трибунадан мамлекет башчысы гана эмес, дүйнөдө болуп жаткан эл аралык окуяларга өзүнүн чыныгы ой-пикирин, ой-толгоосун билдирген жөнөкөй адам, өз мамлекетинин жөнөкөй жараны катары сөз сүйлөгүм келип турат.
Быйыл менин БУУнун Башкы ассамблеясына сөз сүйлөө үчүн төртүнчү жолку келишим. Үч жыл катары менен келип-кетип, кулакка жагымдуу, жакшынакай сөздөрдү сүйлөдүм. Бүгүн мен миллиондогон кишилердин жүрөгүн өйүгөн көйгөйлөрдү ачык-айкын айтайын деп чечтим”- деди Садыр Жапаров.
Президент Кыргызстан саясий туруктуулукка жетишкенин жана масштабдуу социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүп жатканын билдирди.
"Кыргызстан мамлекет катары калыптанды", - деди ал, коррупцияга каршы күрөшүү, экономиканы модернизациялоо жана санариптик чечимдерди өнүктүрүү багытын баса белгилеп.
Ал эми, бүгүнкү күндө өлкөгө түздөн түз терс таасирин тийгизип жаткан көйгөйгө токтолуп, Садыр Жапаров эл аралык коомчулук эки стандарттуулуктан баш тартып, тынчтык, коопсуздук жана туруктуу өнүгүү үчүн биргелешкен аракеттерге көңүл буруусу керектигин белгиледи.
Президент ачык эле Кыргызстан россия-украина жаңжалынын жана ага байланыштуу бир тараптуу санкциялардын кесепеттеринен жапа чегип жатканын билдирди. Анын айтымында, кыргыз банктарына каршы чектөөлөр "жалган маалыматка" негизделген жана өлкөнүн жаш экономикасынын өнүгүшүнө тоскоол болууда.
"Биз жарандарыбыздын кызыкчылыктарын жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн курмандыкка чала албайбыз", – деп баса белгиледи ал жана Бишкек каржы секторуна көз карандысыз аудит жүргүзүүгө даяр экенин кошумчалады.
Садыр Жапаров ошондой эле Батыш мамлекеттеринин мамилелериндеги карама-каршылыктар тууралуу мындай деди: «Силер бизден Россия менен кызматташпоону талап кылып жатасыңар, ал эми өзүңөр ал менен соода-экономикалык байланыштарды активдүү өнүктүрүп жатасыңар».
Глобалдык кризистерге токтолгон президент Газадагы «палестиналыктардын геноцидин» токтотууга чакырып, 1967-жылдагы чек аралардын негизинде эки мамлекетти – Израилди жана Палестинаны – түзүүнү колдоду.
«Эмне үчүн биз карапайым адамдардын жана бейкүнөө балдардын массалык түрдө өлүмүнө жол берип жатабыз?» кейиди ал.
Мындан сырткары, Жапаров Афганистанга өзгөчө көңүл буруп, өлкөнүн 9 миллиард доллардан ашык тоңдурулган активдери тез арада кайтарылышы керектигин билдирди.
"Эгерде сиздер афган элинин тез арада жакырчылыктан жана ачарчылыктан чыгышын кааласаңыздар, анда аларды кечиктирбестен кайтарып бергиле", - деп баса белгиледи.
Реформалар темасына токтолгон Жапаров БУУнун Коопсуздук Кеңеши адилеттүү жана өкүлчүлүктүү болушу керектигин билдирип, Африка мамлекеттеринин кеңейтилген катышууга болгон укугун баса белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун билдирип, анын өлкөсү Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү боло электигин эске салды.
Президент Борбор Азиядагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурду.
"Бүгүн Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы чек аралар – достуктун, сооданын жана кызматташтыктын чек аралары деп ишенимдүү айта алам", – деди ал.
Сөз сүйлөөнүн бир топ бөлүгү климаттын өзгөрүшүнө арналды. Президент Кыргызстан тоолуу өлкө катары мөңгүлөрдүн эриши жана суу ресурстарынын азайышы коркунучу алдында өзгөчө аялуу экенин эске салды. Ал жыл сайын триллиондогон аскердик чыгымдарды "адамдардын жашоосун жакшыртууга жана экологияны коргоого" жумшоого чакырды.
«Биз баарыбыз бир аба менен дем алабыз», – деди Жапаров, «тоолордон океанга чейинки» экосистемалардын өз ара байланышын баса белгилеп. Ал 2027-жылы Бишкекте тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө арналган Bishkek+25 эл аралык саммитин өткөрүү пландарын эске салды. Сөзүнүн аягында Кыргызстандын президенти дүйнө биргелешкен аракеттерге жана көп тараптуулуктун жаңыланган системасына муктаж экенин белгилеп: «Биздин планетанын келечеги – биздин жалпы жоопкерчилигибиз», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.