Садыр Жапаров Пакистандын Улуттук ассамблеясынын спикери жана Сенатынын төрагасы менен жолукту

Президент Загрузка... 04 Декабрь 2025 21:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.12.25 . /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Улуттук ассамблеянын спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын төрагасы Юсуф Реза Гилани менен жолугушту.

Анда парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланып, саясий диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Ошондой эле транспорттук-логистикалык, инвестициялык, экономикалык жана башка тармактарда келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү келечеги каралды.

Садыр Жапаров мамлекетти өнүктүрүүдөгү парламенттин ролун баса көрсөтүп, мыйзам чыгаруу органынын мамлекеттик системаны чыңдоого жана негизги реформаларды ишке ашырууга кошкон олуттуу салымын белгиледи. Ал эки өлкөнүн парламенттеринин депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттеринин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөдөгү маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Өз кезегинде Улуттук ассамблеянын спикери Сардар Аяз Садик мамлекет башчысын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Пакистан парламенти парламенттер аралык уюмдардын жана форумдардын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүгө, өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.