Садыр Жапаров: Ош шаары жаңыланып, “өхх!” деп аткан экен - видео

Президент Загрузка... 29 Август 2025 20:24
copyright icon Аскат Алагөзовдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында минкаб төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Ош шаарынын мэри Жеңиш Токторбаев менен биргеликте Ош шаарындагы жолдордун салынышы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Алагөзов белгилегендей, 2025-жылы Ош шаарында жалпы 33 көчөнү куруу иштери колго алынган.

"Республикалык бюджеттин эсебинен 22 чакырымга жакын 11 негизги көчө капиталдык оңдоодон өттү. Жергиликтүү бюджеттен каржыланып, шаар ичинде дагы 22 көчөдө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы 90 пайызга жакын жол асфальтталып Эгемендүүлүк күнүнө карата элге пайдаланууга берилүүдө",-деген ал.

Белгилей кетсек, рулда Камчыбек Ташиев отурганын көрүүгө болот.