Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда Ереван шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана жаңы соода каттамдарын ачууга өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-армян мамилелерин мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда президент Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар кыргыз-армян кызматташтыгына жаңы дем берерине үмүт артып, Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырды.