Жапаров Пашинянды Бишкекте өтчү тоо саммитине чакырды

Жапаров Пашинянды  Бишкекте өтчү тоо саммитине чакырды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда Ереван шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар курчап турган чөйрөнү коргоо жана тоо экосистемаларын сактоо жаатындагы кызматташтык маселелерин карашты.

Садыр Жапаров Никол Пашинянды 2027-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.