Садыр Жапаров Нарын облусун өнүктүрүү пландары менен таанышты

Президент 2876 08 Сентябрь 2025 18:02
544924960_1332428308891800_6092520090788178265_n.jpg
545595923_1332428302225134_4188987556419245616_n.jpg
545140092_1332428272225137_8408532817894055322_n.jpg
Алдыга
Артка
544924960_1332428308891800_6092520090788178265_n.jpg
545595923_1332428302225134_4188987556419245616_n.jpg
545140092_1332428272225137_8408532817894055322_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Нарын шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландары менен таанышты.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров мамлекет башчысына жаңы төрөт үйүнүн, шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушунун башталышы, ошондой эле Торугарт көмүр кенин иштетүүнү камтыган инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жана башкалар жөнүндө билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаровго Ат-Башы – Баетов – Казарман жолун куруу пландары тууралуу маалымат берилди.

Өз кезегинде мамлекет башчысы Жаман-Даван жана Терек-Сай суу сактагычтарынын жана каналдарынын курулушун, Баетов айылындагы борбордук парктын реконструкциясын аяктоону, Ак-Талаа районунда Коомдук маданий борборду курууга киришүүнү тапшырды.

Тааныштыруунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров белгиленген долбоорлорду жүзөгө ашырууга бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу тапшырмасын берди.