Садыр Жапаров Намибиянын президенти Нетумбо Нанди-Ндайтва менен жолугушту

Президент Загрузка... 24 Сентябрь 2025 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Намибия Республикасынын президенти Нетумбо Нанди-Ндайтва менен жолугушту.

Тараптар өнүгүү баскычында турган кыргыз-намибия алакаларынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2000-жылы түзүлгөндүгү белгиленди.

Эки мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкдарлыкты баса белгилешти.