Садыр Жапаров мыйзамсыз курулуштар спутник аркылуу текшерилерин айтты

Президент

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө жана уруксатсыз курулуш жүргүзүүгө жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы бүгүн, 23-октябрда Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын эли менен жолугушууда билдирди.

Садыр Жапаров жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүүдө айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн да жоопкерчилиги бар экенин белгилеп, мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтты.

"Жок жерге үй салдырып жибербегиле. Үч-беш күндүн ичинде күнү-түнү дебей курулуш жүргүзүп, кийин "көп жылдан бери ушул жерде жашап келебиз" деп алдоого аракет кылгандар болот. Мындай нерселерге жол берилбеши керек", — деди президент.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө курулуштардын тарыхын спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу аныктоого мүмкүн экенин белгиледи.

Анын айтымында, мурдагы жана азыркы сүрөттөрдү салыштыруу менен курулуш качан пайда болгонун так аныктоого болот.