Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземинен сүрөт баян

Президент Загрузка... 21 Июль 2025 11:11
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун жана өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Жогорку даражалуу меймандын кортежи атчан эскорттун коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратына келди.

“Ынтымак Ордо” имаратынын флагштокторуна Кыргызстан менен Монголиянын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, этно-жоокерлер катышып, килемдер төшөлгөн.

Мамлекет башчылары саламдашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары катарды кыдырып чыгышты.

Салтанаттын жүрүшүндө лидерлер тууга таазим кылышты. Монголиянын президенти ротага кайрылып: «Салам аскер!» деген саламдашуу сөзүн айтты.

Андан соң президент Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты, мындан кийин Ардактуу кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү.

Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен кийин мамлекет башчылар сүйлөшүүлөр үчүн залга жөнөштү.