Садыр Жапаров менен Фор Эссозимна Гнассингбеге Ысык-Көлдө улуттук ат оюндары көрсөтүлдү

Президент 1841 30 Апрель 2026 14:20
FB_IMG_1777537720770.jpg
FB_IMG_1777537740167.jpg
FB_IMG_1777537738803.jpg
FB_IMG_1777537731420.jpg
FB_IMG_1777537728044.jpg
FB_IMG_1777537727469.jpg
FB_IMG_1777537727475.jpg
FB_IMG_1777537722462.jpg
FB_IMG_1777537722516.jpg
FB_IMG_1777537717935.jpg
FB_IMG_1777537713037.jpg
FB_IMG_1777537712684.jpg
FB_IMG_1777537706391.jpg
FB_IMG_1777537700957.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1777537720770.jpg
FB_IMG_1777537740167.jpg
FB_IMG_1777537738803.jpg
FB_IMG_1777537731420.jpg
FB_IMG_1777537728044.jpg
FB_IMG_1777537727469.jpg
FB_IMG_1777537727475.jpg
FB_IMG_1777537722462.jpg
FB_IMG_1777537722516.jpg
FB_IMG_1777537717935.jpg
FB_IMG_1777537713037.jpg
FB_IMG_1777537712684.jpg
FB_IMG_1777537706391.jpg
FB_IMG_1777537700957.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.04.26./Кабар/. Президент Садыр Жапаровго жана Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбеге бүгүн, 30-апрелде кыргыз элинин салттуу ат оюндары жана мелдештери көрсөтүлдү.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өттү.

Ипподромдун кире беришинде конокторду добулбастардын добушу астында жоокерлер жана улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Программанын алкагында “Намыс” (Нарын облусу) жана “Сары-Өзөн” (Чүй облусу) командаларынын катышуусунда көк бөрү боюнча көрсөтмөлүү оюндар болуп өттү. Андан ары “Манас” эпосунда сүрөттөлгөн байыркы “Салбуурун” оюнунун элементтери, анын ичинде алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылык кылуу, ат үстүндө жаа атуу жана “Кыз куумай” улуттук оюну көрсөтүлдү.

Иш-чара каскадёрлор тобунун жорго салыш, найза менен атчан чабыш жана башка ат жалындагы өнөрлөрүн көрсөтүүсү менен аяктады.