Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде искусство чеберлеринин "Түбөлүк достук” концертине күбө болушту

Президент 1466 09 Июль 2025 08:30
517825752_1278080887659876_5375344260906307293_n (1).jpg
515921711_1278080997659865_2754212001101322799_n.jpg
517244273_1278080897659875_8731113216237831122_n.jpg
516509879_1278080967659868_7896131988531657200_n.jpg
517941298_1278080974326534_1023086592671865828_n.jpg
Алдыга
Артка
517825752_1278080887659876_5375344260906307293_n (1).jpg
515921711_1278080997659865_2754212001101322799_n.jpg
517244273_1278080897659875_8731113216237831122_n.jpg
516509879_1278080967659868_7896131988531657200_n.jpg
517941298_1278080974326534_1023086592671865828_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. 8-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарындагы "Кохи Борбад" мамлекеттик комплексинде өткөн искусство чеберлеринин "Түбөлүк достук" деп аталган концертине күбө болушту.

Көрүүчүлөргө Кыргызстан менен Тажикстандын жамааттарынын жана аткаруучуларынын катышуусундагы концерттик программа тартууланды.

Иш-чарада эки өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган салттуу жана заманбап музыкалык жана бий өнөрлөрү көрсөтүлдү.

Кыргызстандын атынан иш-чарада Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Нурдин Түгөлов атындагы "Ак-Марал" мамлекеттик бий ансамблинин солисттери, Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли, ошондой эле Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестри чыгышты.

Белгилей кетсек, иш-чара президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын жана Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында өттү.