Садыр Жапаров менен Дэвид Лэмми соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Президент Загрузка... 25 Сентябрь 2025 10:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Улуу Британиянын премьер-министринин орун басары Дэвид Лэмми менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү арттырууга даярдыктарын билдиришти.