Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга келди

Президент 04 Февраль 2025 19:10
DOS_0135.jpg
DOS_0070.jpg
DST_2328.jpg
DOS_0166.jpg
DST_2373.jpg
DOS_0078.jpg
Алдыга
Артка
DOS_0135.jpg
DOS_0070.jpg
DST_2328.jpg
DOS_0166.jpg
DST_2373.jpg
DOS_0078.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен мамлекеттик сапар менен Пекин шаарына келди.

Мамлекет башчынын борту Пекин шаарындагы "Шоуду" эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто мамлекеттик желектер илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Президент Садыр Жапаровду Кытай Эл Республикасынын турак жай, шаар жана айыл курулуш министри Ни Хун жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын программасына ылайык эртең, 5-февралда, Пекин шаарында президент Садыр Жапаров КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин, ошондой эле КЭРдин Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жана КЭРдин эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюу, баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө эки мамлекеттин биргелешкен декларациясын кабыл алуу пландаштырылууда. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров Харбиндеги IX кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышат.