Садыр Жапаров Малайзия Сенатынын төрагасы жана парламенттин Өкүлдөр палатасынын спикери менен жолугушту

Президент 1219 25 Июнь 2025 16:30
511192454_1265967948871170_3331752854604637075_n.jpg
511144086_1265967902204508_7353000916268397654_n.jpg
511269924_1265967872204511_1938676105487973041_n.jpg
511262536_1265967855537846_6932746060369497892_n.jpg
511272191_1265967758871189_199210634786096546_n.jpg
511199050_1265967738871191_860579591770283579_n.jpg
511273407_1265967735537858_3293756183326747233_n.jpg
Алдыга
Артка
511192454_1265967948871170_3331752854604637075_n.jpg
511144086_1265967902204508_7353000916268397654_n.jpg
511269924_1265967872204511_1938676105487973041_n.jpg
511262536_1265967855537846_6932746060369497892_n.jpg
511272191_1265967758871189_199210634786096546_n.jpg
511199050_1265967738871191_860579591770283579_n.jpg
511273407_1265967735537858_3293756183326747233_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Малайзия Сенатынын (жогорку палата) төрагасы Аванг Беми Аванг Али Басах жана Малайзия парламентинин Өкүлдөр палатасынын (төмөнкү палата) спикери Джохари бин Абдул менен Куала-Лумпур шаарында жолугушту.

Саламдашуу жана биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин мамлекет башчысы Малайзия парламентинин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүү боюнча пикир алмашылды.

Сенат төрагасы Малайзияда иштеген мыйзам чыгаруу процедуралары жөнүндө кыскача айтып берди.

Өз кезегинде Малайзия парламентинин Өкүлдөр палатасынын спикери Джохари бин Абдул мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун сапары өлкөлөр ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. Ал ошондой эле парламенттер аралык деңгээлде байланыштарды активдештирүү идеясын колдоду.

Малайзия Сенатынын төрагасы Аванг Беми Аванг Али Басах өлкөлөр ортосунда, айрыкча парламенттик деңгээлде системалуу диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда атайын түзүлгөн узак мөөнөттүү кызматташтык программасы жок экенин баса белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизмин иштеп чыгууну сунуштады.

Сенаттын төрагасы Малайзия парламенти мыйзам чыгаруу органдарыбыздын ортосунда тажрыйба алмашуу, илимий жана аналитикалык иштер жаатында, ошондой эле саясий диалогдун алкагында, айрыкча тез өзгөрүп жаткан эл аралык кырдаалда кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Сенаттын төрагасы Аванг Беми Аванг Али Басах эки парламенттин институционалдык потенциалын, анын ичинде санариптештирүү, парламенттик маалымат базаларын башкаруу, онлайн-трансляциялар жана электрондук добуш берүү маселелеринде жогорулатуу боюнча иштөөнү сунуштады.

Сенат төрагасы Аванг Беми Аванг Али Басах билим берүү, туризм жана айыл чарбаны артыкчылыктуу багыттар катары белгиледи. Ал Кыргызстандын президентинин бул сапары эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык диалогдун өнүгүшүнө жаңы импульс берет деген үмүтүн билдирип, системалуу жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экенин ырастады.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров бүгүн премьер-министр менен болгон расмий сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыктын бардык негизги багыттары талкууланганын белгиледи. Бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанисине да өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап Малайзия менен болгон салттуу достук мамилелердин толук өз ара түшүнүшүн, ишенимин жана конструктивдүү кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Ал парламенттер аралык өз ара аракеттенүү саясий диалогду тереңдетүүгө, мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга жана эл аралык маселелерде өз ара түшүнүшүүгө жол ачарын белгиледи.

Мамлекет башчысы эзелтеден бери кыргыз элинде орчундуу маселелерди чечүү үчүн Курултай (элдик жыйын) деген кеңеши болгонун баса белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын Конституциясына ылайык, жарандардын түздөн-түз башкарууга катышуусун камсыз кылуу үчүн “Элдик курултай” деген кеңеш берүүчү орган түзүлгөн.

Президент Кыргызстандын парламентинде Малайзия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун түзүлгөндүгүн канааттануу менен белгиледи, бул эки өлкөнүн парламенттик деңгээлде байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экендигин айгинелейт. Ушул негиздерди эске алуу менен Садыр Жапаров Кыргызстан менен Малайзиянын парламенттеринин ортосунда үзгүлтүксүз, туруктуу жана ишенимге негизделген кызматташтыкты түзүү мезгили келгенин айтты. Садыр Жапаров Малайзия парламентинин депутаттарын 2026-жылы өтө турган Кыргызстандын Жогорку Кеңешине кезектеги шайлоодо эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды.

Мамлекет башчысы бул жолугушуунун жыйынтыгы Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы парламенттер аралык диалогду жана жалпысынан кызматташтыкты мындан ары чыңдоого кошумча дем берерине ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров сенаттын төрагасын жана өкүлдөр палатасынын спикерин Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.