Садыр Жапаров: Өлкөдө спорт жаатында инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр чоң темп менен жүрүүдө

Президент 1746 24 Май 2025 11:01
500366927_1238945951573370_7586364565036808290_n (1).jpg
499940924_1238947354906563_220683199368040861_n.jpg
499709996_1238947308239901_4989720957626297793_n.jpg
499814792_1238947234906575_8113871418873067027_n.jpg
499681727_1238947194906579_4868074676293750237_n.jpg
500091020_1238947114906587_9112215700588317494_n.jpg
501057291_1238947048239927_1889570220493575932_n.jpg
500077726_1238947034906595_7590499438691990298_n.jpg
500091225_1238946931573272_3833567503079747069_n.jpg
499992117_1238946844906614_1901658047763952691_n.jpg
499855918_1238946821573283_7625687358017440015_n.jpg
499591011_1238946754906623_4469523760767989105_n.jpg
499482261_1238947084906590_6103089771864138655_n.jpg
500262565_1238947158239916_6343517052586195065_n.jpg
499582840_1238947128239919_6527219576272210896_n.jpg
500367973_1238946811573284_2869344977378411300_n.jpg
499889661_1238946438239988_4978089439103937579_n.jpg
500354639_1238946424906656_8524280692058589544_n.jpg
499977420_1238946664906632_8259432842666942726_n.jpg
499790769_1238946368239995_8274808662628756741_n.jpg
499977428_1238946601573305_6069902573443631835_n.jpg
499967163_1238946048240027_2820435237831476305_n.jpg
500321708_1238946508239981_6045543690749115414_n.jpg
500027889_1238946794906619_6326527761323510316_n.jpg
499970216_1238946021573363_6193168644074387781_n.jpg
499785862_1238946018240030_2916882677034490673_n.jpg
499797932_1238946764906622_8098434309284819481_n.jpg
499794460_1238946414906657_545637918241532128_n.jpg
499715622_1238946544906644_5203206299783608151_n.jpg
499752891_1238946334906665_973985419759986109_n.jpg
499557063_1238946181573347_3392645816594562271_n.jpg
499660040_1238946261573339_950083388752376596_n.jpg
500254228_1238946534906645_7519857598555346403_n.jpg
500566681_1238946524906646_2454632681799725188_n.jpg
499639936_1238946071573358_125746114346511348_n.jpg
500197152_1238946251573340_2086299187108856528_n.jpg
499690637_1238945864906712_2389828192771544603_n.jpg
500910509_1238946248240007_2657852055482284455_n.jpg
500035731_1238946264906672_8917208447008387434_n.jpg
500034423_1238945954906703_9042900724945924434_n.jpg
499967450_1238945931573372_1648615912099282965_n.jpg
500304847_1238945921573373_7406704950458547609_n.jpg
500205516_1238945918240040_8971916309867566158_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.05.2025. /Кабар/. «Өлкөбүздө спорт, өзгөчө футбол жаатында болуп жаткан инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр – стадиондорду, футболдук оюн талааларын, спорттук базаларын кайрадан калыбына келтирүү иштери, жаңыларды куруу иштери аябай чоң темп менен жүрүп жатат», - деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-майда, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Ынтымак» футбол стадионунун ачылыш аземинде белгиледи.

Мамлекет башчысы жаңы стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, спорт залды, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү жана административдик жайларды көрүп чыкты.

Мында заманбап үн жабдуусу жана көрүүчүлөр үчүн чоң LED-экран орнотулган. Гибриддик талаада автоматташтырылган сугат системасы бар, аянт чуркоо жолу менен жабдылган, машыгуу аянтчалары көрктөндүрүлгөн.

Садыр Жапаров стадион 1974-жылы курулганын жана андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөнүн эске салды. Эки жыл мурда президент стадионду реконструкциялоо үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырмасын берген.

«Стадион — бул жөн гана оюн талаасы эмес. Бул — шаар жаштарын сергек жашоого үндөөчү, спорттун түрлөрү менен машыгып, ден соолугун чыңдоочу, жамы журт чогулуп, ар кандай мелдештерди, концерттик иш-чараларды өткөрүүчү жана эң башкысы спорттук күрөштүн аренасы гана эмес, биримдикти, ынтымакты жана мекенчилдикти чыңдоочу ордо», - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Жаңы стадион 3380 көрүүчүгө ылайыкталган жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Кечки беттештерди өткөрүү үчүн Кыргызстандын футбол союзу жарык берүүчү мамыларды орнотту. Административдик жайлар, медиа зоналар, медициналык, калыстар, допинг көзөмөл бөлмөлөрүн жана башка техникалык бөлмөлөр – баары жаңыланды. 200дөн ашык орундуу унаа токтотуучу жайы дагы салынган.

«Ошентип, өлкөбүздө спорт, өзгөчө футбол жаатында болуп жаткан инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр – стадиондорду, футболдук оюн талааларын, спорттук базаларын кайрадан калыбына келтирүү иштери, жаңыларды куруу иштери аябай чоң темп менен жүрүп жатат. Быйыл дагы 15 стадиондо, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларындагы ири стадиондордо калыбына келтирүү иштери башталды», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле бул иштердин бардыгы «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жана «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө» жарлыктарынын алкагында ишке ашырылып жатканын өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы 51 миң орунга эсептелген Борбор Азиядагы эң чоң стадиондордун бири курулуп жатканын эске салды. Ал ошондой эле Кыргызстан 2031-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогун өткөрүүгө арыз бергенин белгиледи.

Соңунда Садыр Жапаров азыркы учурда заманбап «Ынтымак» стадионунда жогорку деңгээлдеги футбол беттештерин өткөрүүгө болорун канааттануу менен белгиледи. Ошондой эле ал стадион жалпы республикада да, Каракол шаарында да кыргыз футболунун өнүгүшүнө чоң салым кошоруна, дал ушул жерде жаш спортчулар машыгып, мелдештерге даярданышып, алардын арасынан өлкө намысын даңазалаган чемпиондор чыгаарына ишенимин билдирди.

Ачылыш аземинен кийин Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 11-турунун алкагында “Барс” (Каракол) жана “ОшМУ” (Ош) футбол клубдарынын беттеши болуп, ага президент Садыр Жапаров катышты.