Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Өлкөдө криминал жана коррупция жок болууга тийиш. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда коррупция жана криминалга каршы күрөш күнү-түнү жүрүүдө.
“Мен дайыма бул эки маселе боюнча талапты катуу коюп келгем жана мындан ары дагы катуу карайм бул эки маселеге. Муну бардык мамлекеттик кызматкерлер жакшы билишет. Биздин өлкөдө криминал жана коррупция жок болууга тийиш”, - деди президент.