Садыр Жапаров Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын эли менен жолугушууда

Президент 11 октябрь 2026 12:45
Садыр Жапаров Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын эли менен жолугушууда

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушууда. Жолугушууда президент аймактарга келип, жергиликтүү элдин жашоо-турмушунан кабар алуу салтка айланганын белгилеп өттү.

“Аймактарда эл менен жолугушуу салтка айланды. Алыскы райондордогу элдин тиричилигинен кабар алууну жолго койдук десем, жаңылышпайм”, - деди мамлекет башчысы.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапары менен барды. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объекттери менен таанышаары күтүлүүдө.