Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 1611 17 Июнь 2025 12:55
505724478_1259238226210809_5721592135543495630_n.jpg
506062538_1259238156210816_2951791327543134639_n (1).jpg
508416053_1259238342877464_6162427743623607489_n.jpg
506802053_1259238302877468_105828003504421113_n.jpg
506445823_1259238126210819_2097862815413263817_n.jpg
Алдыга
Артка
505724478_1259238226210809_5721592135543495630_n.jpg
506062538_1259238156210816_2951791327543134639_n (1).jpg
508416053_1259238342877464_6162427743623607489_n.jpg
506802053_1259238302877468_105828003504421113_n.jpg
506445823_1259238126210819_2097862815413263817_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Астана шаарында өтүп жаткан "Борбор Азия – Кытай" саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана келечеги, ар тараптуу жана жалпы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири пикир алмашышты.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен учурашып, Кытай тарап Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн бекемдөөгө, өзүнүн потенциалын арттырууга, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык аракеттерин жана умтулууларын жогору бааларын жана колдой турганын белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен мамилелерге өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«Биз өз ара урматтоого, тең укуктуулукка жана ынак коңшулукка негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жетишилген деңгээлин чын жүрөктөн жогору баалайбыз», - деди Кыргызстандын президенти. Ал 2025-жылдын февралында Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы маанилүү окуя болгонун баса белгиледи. Жыйынтыгын бере баштаган бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлган.

Президент Кытай Кыргызстандын негизги инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса көрсөттү. Ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталганын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы көп жактуу кызматташуу темасына токтолуп, эки өлкөнүн көптөгөн эл аралык аянттардагы жемиштүү өз ара аракеттешүүсүн өзгөчө белгиледи.

Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтуларын ырастап, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара ишенимдин, урматтоонун жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.