Садыр Жапаров Кытай парламентинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолукту

Президент Загрузка... 24 Июль 2025 13:06
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.07.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы – Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Чжао Лэцзи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо талкууланды.

520846374_1291622952972336_819188543047893646_n.jpg

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда бардык деңгээлде өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасы байкалып жатканын, ал эми стратегиялык өнөктөштүк тарыхый жогорку деңгээлде – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде экенин баса белгиледи.

"Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарымды жана июнь айында Астанада Кытайдын Төрагасы – бир тууганым, урматтуу Си Цзиньпин мырза менен болгон жолугушуумду жылуу эстейм. Биздин жолугушууларыбыз ар дайым чыныгы достор, жакын кошуналар жана ишенимдүү өнөктөштөр ортосундагыдай достук маанайда өтөт", - деди Садыр Жапаров.

523856169_1291622832972348_6382374909528253681_n.jpg

Өз кезегинде Чжао Лэцзи ытай төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын жолдоду. Ал ошондой эле Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда олуттуу реформалар болуп жатканын, анын аркасында өлкө тездик менен социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетишкенин кошумчалады.

"Ынак кошуна жана ар тараптуу өнөктөш катары Кытай бул жетишкендиктерге чын жүрөктөн кубанат. Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстан жаңы ийгиликтерге жетишет деп ишенебиз", - деп баса белгиледи Чжао Лэцзи.

522642549_1291622912972340_2543653871677017351_n.jpg

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери ишеним, өз ара түшүнүшүү жана колдоо духунда мындан ары да чыңдала берерине ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, бул Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары.