Садыр Жапаров Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин жаңы имаратында болду

Президент 1540 21 Май 2025 22:00
FB_IMG_1747843351734.jpg
FB_IMG_1747843354225.jpg
FB_IMG_1747843356486.jpg
FB_IMG_1747843358869.jpg
FB_IMG_1747843361039.jpg
FB_IMG_1747843363450.jpg
FB_IMG_1747843365568.jpg
FB_IMG_1747843367534.jpg
FB_IMG_1747843369660.jpg
FB_IMG_1747843371670.jpg
FB_IMG_1747843373705.jpg
FB_IMG_1747843375756.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1747843351734.jpg
FB_IMG_1747843354225.jpg
FB_IMG_1747843356486.jpg
FB_IMG_1747843358869.jpg
FB_IMG_1747843361039.jpg
FB_IMG_1747843363450.jpg
FB_IMG_1747843365568.jpg
FB_IMG_1747843367534.jpg
FB_IMG_1747843369660.jpg
FB_IMG_1747843371670.jpg
FB_IMG_1747843373705.jpg
FB_IMG_1747843375756.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Будапешт шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин жаңы имаратында болду.

Президенттин тапшырмасына ылайык, 2024-жылдын январь айында дипломатиялык өкүлчүлүк мамлекеттик менчикке сатып алынган жаңы имаратка көчкөн.

Мамлекет башчысы иш бөлмөлөрүн, административдик жайларды көрүп чыгып, дипломатиялык миссиянын кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров мамлекет мындан ары да чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого биринчи кезекте көңүл бура турганын баса белгиледи.

«Биз дүйнө жүзү боюнча мүлктөрдү сатып алууну улантып жатабыз. Акыркы 30 жылда биз Нью-Йорк, Вашингтон сыяктуу ири шаарларда мүлктөрдү ижарага алганбыз. Эгерде биз имараттарды 10 жыл мурда сатып алсак, эмдигиче өз баасын актамак. Ошону менен бирге мүлк Кыргызстандын менчигинде түбөлүккө калмак», - деди Президент Садыр Жапаров жана дипломаттарды ошондой эле мамлекеттин балансында туруучу кызматтык батирлер менен камсыз кылуу керектигин кошумчалады.

Жалпы аянты 480 чарчы метр болгон Элчиликтин имараты Будапешттин престиждүү жана көрктүү бөлүгүндө жайгашкан.