Садыр Жапаров: Кыргызстанды курууга багыт алып, бардык тармактарды тартипке салуунун аракетин көрүп жатабыз

Президент 8972 21 Март 2025 13:58
photo_5397778313814075978_y.jpg
photo_5397778313814075827_y.jpg
photo_5397778313814075998_y.jpg
photo_5397778313814075997_y.jpg
photo_5397778313814075996_y.jpg
photo_5397778313814075995_y.jpg
photo_5397778313814075994_y.jpg
photo_5397778313814075993_y.jpg
photo_5397778313814075992_y.jpg
photo_5397778313814075991_y.jpg
photo_5397778313814075990_y.jpg
photo_5397778313814075989_y.jpg
photo_5397778313814075824_y.jpg
photo_5397778313814075988_y.jpg
photo_5397778313814075986_y.jpg
photo_5397778313814075985_y.jpg
photo_5397778313814075984_y.jpg
photo_5397778313814075983_y.jpg
photo_5397778313814075982_y.jpg
photo_5397778313814075981_y.jpg
photo_5397778313814075980_y.jpg
photo_5397778313814075979_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5397778313814075978_y.jpg
photo_5397778313814075827_y.jpg
photo_5397778313814075998_y.jpg
photo_5397778313814075997_y.jpg
photo_5397778313814075996_y.jpg
photo_5397778313814075995_y.jpg
photo_5397778313814075994_y.jpg
photo_5397778313814075993_y.jpg
photo_5397778313814075992_y.jpg
photo_5397778313814075991_y.jpg
photo_5397778313814075990_y.jpg
photo_5397778313814075989_y.jpg
photo_5397778313814075824_y.jpg
photo_5397778313814075988_y.jpg
photo_5397778313814075986_y.jpg
photo_5397778313814075985_y.jpg
photo_5397778313814075984_y.jpg
photo_5397778313814075983_y.jpg
photo_5397778313814075982_y.jpg
photo_5397778313814075981_y.jpg
photo_5397778313814075980_y.jpg
photo_5397778313814075979_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.03.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Ош шаарында Ноорузду майрамдоого катышып, кыргызстандыктарды бул нурун төккөн жаз майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Нооруз байыртадан бери жаңыланууну, биримдикти жана жакшы башталыштарды символдоштурарын белгиледи.

Президент өз сөзүндө Ош шаарынын тарыхый маанисин баса белгилеп, Улуу Жибек Жолунда жайгашкан бул байыркы шаар ар дайым маданияттын, сооданын жана эл аралык байланыштардын борбору болуп келгенин эске салды. Шаар көп улуттуу элибизде ынтымак байырлаган баалуулуктарынан алыстабастан, учурда ар багытта өнүгүү жолунда баратканын айтты.

Президент өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн туруктуулуктун жана тынчтыктын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал акыркы жылдары коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелери боюнча биротоло чекит коюуга мүмкүн болгонуна токтолду.

Садыр Жапаров билим берүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстан дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жана жаштардын өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган 12 жылдык окутуу системасын киргизүүгө умтулуп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров экономикалык блоктогу пландарды - 2025-жылы өлкөдө бир катар стратегиялык объектилер алардын ичинде жаңы ГЭСтер, текстиль фабрикалар, логистикалык борборлор, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалар ишке кире турганын айтты. Ал быйыл Кыргызстанда жалпысынан 128 жаңы ишкана иштей баштарын, бул экономиканы чыңдоодо жана жумуш орундарын түзүүдө маанилүү кадам болорун баса белгиледи.

“Биз жаңы Кыргызстанды курууга багыт алып, бардык тармактарды тартипке салуунун аракетин көрүп жатабыз”, - деди президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы улуттук баалуулуктардын жана руханий кайра жаралуунун маанилүүлүгүн белгилеп, адеп-ахлакты, улуттук дем жана муундардын байланышын чыңдоого багытталган кабыл алынган жарлыктарды эске салды.

Расмий бөлүктөн кийин майрамдык концерттик программа тартууланды.

Андан соң президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин Ассамблеясына кирген Ош шаарындагы этникалык жамааттардын мыкты улуттук тамак-аштарынын жана элдик кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөлөрүн көрүп чыкты. Ал маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай иш-чаралар элдердин социалдык биримдигин жана достугун чыңдоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.