Президент: Кыргызстан БУУдагы жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними катары кабыл алат

Президент Загрузка... 04 Июнь 2026 00:50
710497593_3394625014045737_102158088436327461_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.06.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Facebook`тагы баракчасына кайрылуу жазып, анда Кыргызстан БУУдагы жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними катары кабыл аларын айтты.

"Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары, 2026-жылдын 3-июнунда сиздердин колдооңуздар менен Кыргыз Республикасы 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо тарыхый жеңишке жеттик.

Кыргызстан бул жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними катары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттеринин алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алабыз.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болгон мезгилде Кыргыз Республикасы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенебиз.

Биз Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогон бардык мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде тынчтыкка, туруктуулукка жана көп тараптуулукту бекемдөөгө кызмат кылган жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенибизди ырастайбыз.

Кыргыз Республикасы шайлоо өнөктүгүнө татыктуу катышканы жана Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерине берилгендик жана өз ара урматтоо духунда өткөн конструктивдүү атаандаштыгы үчүн Филиппинге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары,
Менин эң жогорку урмат-сыйымды, ошондой эле элдериңиздерге тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалаган эң жакшы тилектеримди кабыл алыңыздар", - деп жазды мамлекет башчысы.