Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп, жакынкы 10-15 жылда Кыргызстанды экономикалык кирешеси боюнча дүйнөдөгү эң өнүккөн 30 өлкөнүн катарына киргизүү планы коюлганын билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, жеке кызыкчылык үчүн эмес, мамлекеттин гана кызыкчылыгы үчүн ынтымакта иштөө зарыл.
“Сиздер дагы, мен дагы элге убада берип, шайланып келгенбиз. Таза иштейбиз, мамлекет үчүн эмгек кылабыз, келечекти курабыз жана коррупцияны жок кылабыз деп айтканбыз. Ошондуктан, берген антыбызды жана убадаларыбызды аткарышыбыз керек. Келечекте жасай турган иштерибиз арбын.
Өзүңүздөр билгендей, жакынкы 10-15 жылдын ичинде экономикалык кирешеси боюнча өнүккөн 30 өлкөнүн катарына киребиз деп турабыз. Бул максатты да ишке ашырышыбыз керек. Дүйнөдө кырдаал тынч эмес, муну көрүп турасыздар. Ошол себептен, жеке кызыкчылыкты эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, ынтымакта иштеп беришибиз зарыл", — деди өлкө башчысы.