Садыр Жапаров курулуш компанияларын ата мекендик өндүрүштү колдоого чакырды

Президент Загрузка... 10 Апрель 2026 19:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров курулуш компанияларын ата мекендик ишкерлердин өндүрүшүн колдоого чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анда президент Оштогу түтүк жана сантехникалык шаймандарды, пластик эшик-терезе тетиктерин чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышканын, ушундай эле товарларды учурда башка жактан сатып алып аткан ири компаниялар бар экенин айтты.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров курулуш компаниялары сырттан ташып келгенче ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында Кыргызстанда жасалган курулуш материалдарды сатып алуу зарылдыгын белгиледи.

"Бүгүн Оштогу түтүк жана сантехникалык шаймандарды, пластик эшик-терезе тетиктерин чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен тааныштым. Заводдо ар кыл өлчөмдөгү канализацияга, ичүүчү сууга, дренаждык системага колдонулуучу түтүктөр жакшы сапатта чыгарылып жатыптыр. Сантехникада кеңири колдонулуучу буюмдарынын сапатына да кепилдик берерине ишендиришти.

Ушундай эле түтүктөрдү чакан жана орто ГЭСтерди куруу үчүн чет өлкөлөрдөн ташып келчүбүз жана азыр деле сырттан алып келүүдөбүз. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү. Сырттан ташып келгенде жол чыгымы, бажы өнүмү болуп отуруп, товардын баасы да кымбат болот эмеспи.

Өзүбүздө окшош эле товар турса башка жактан сатып алып аткан ири компаниялардын товар жеткирүүчүлөрүндө өз кызыкчылыктары бар экенин түшүнүп турабыз. Мисалы, ошол эле жүздөгөн курулуш компаниялары сырттан ташып келгенче өзүбүздүн жеке ишкерлерден алышса, заводдорубуз ирденип, акырындык менен импорттон толук арылбасак да, анын басымын азайтат элек.

Ошондуктан баардыгыңарды ушул сыяктуу ата мекендик ишкерлерибизди колдоого чакырып кетет элем", - деп белгиледи президент.