Садыр Жапаров Кожо Ахмед Ясавинин күмбөзүнө барды

Президент 1026 16 Май 2026 09:00
IMG_3110.jpeg
IMG_3111.jpeg
IMG_3112.jpeg
IMG_3113.jpeg
IMG_3114.jpeg
IMG_3115.jpeg
IMG_3116.jpeg
IMG_3117.jpeg
IMG_3118.jpeg
IMG_3119.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3110.jpeg
IMG_3111.jpeg
IMG_3112.jpeg
IMG_3113.jpeg
IMG_3114.jpeg
IMG_3115.jpeg
IMG_3116.jpeg
IMG_3117.jpeg
IMG_3118.jpeg
IMG_3119.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.05.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары менен биргеликте “Азрет Султан” улуттук тарыхый-маданий музей-коругуна жана Кожо Ахмед Ясавинин күмбөзүнө барды.

Жогорку деңгээлдеги коноктор алгач “Азрет Султан” музейинин “Сейрек кездешүүчү экспонаттар залынын” экспозициясы менен таанышты. Түрк тилдүү мамлекеттердин лидерлерине Кожо Ахмед Ясави күмбөзүнүн тарыхына жана түрк дүйнөсүнүн бай руханий мурасына байланыштуу уникалдуу артефакттар көрсөтүлдү. Өзгөчө XIV–XV кылымдарга таандык, жогорку маданий баалуулукка ээ болгон чыныгы тарыхый реликвияларга өзгөчө көңүл бурулду.

Андан соң президенттер ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген орто кылымдагы ислам архитектурасынын көрүнүктүү эстелиги — Кожо Ахмед Ясави күмбөзүнө барышты.

XIV кылымдын аягында Амир Темирдин буйругу менен курулган бул комплекс түрк жана ислам цивилизациясынын негизги руханий жана маданий борборлорунун бири болуп саналат. Мамлекет башчылары мавзолейдин ички түзүлүшү жана комплексте сакталып турган тарыхый баалуулуктар менен таанышып, күмбөздүн ичинде Куран окулду.

Түркстандын тарыхый-маданий жайларына биргелешип баруу ТМУнун бейформал саммитинин программасынын маанилүү бөлүгү болуп, түрк элдеринин руханий, тарыхый жана маданий мурасынын жалпылыгын кезектеги жолу баса белгиледи.