Садыр Жапаров өкмөттө үч жыл жаткан токтом тууралуу айтып берди

Президент Загрузка... 11 Март 2026 11:59
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып мамлекеттик органдардын электрондук документ жүгүртүүгө өтүшү чечим кабыл алуу процессин кыйла тездеткенин билдирди.

Мамлекет башчысы санариптик формат документтерди бир күндүн ичинде макулдашууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Президенттин айтымында, буга чейин кагаздар министрликтер арасында айлап макулдашуудан өткөн. Азыр болсо документти системага эртең менен жайгаштырып, кечке чейин бардык ведомстволордон – сунушка макул же макул эместиги тууралуу жооп алууга болот.

Жапаров ошондой эле ал кызматка келгенден кийин өкмөттүн ишине ревизия жүргүзүлгөнүн айтып берди. Ошол учурда бир токтом министрлер кабинетинде үч жыл бою жатып, кабыл алынбай калганы белгилүү болгон.

Өлкө башчысынын айтымында, бул документ мамлекеттин ишин олуттуу түрдө алдыга жылдырмак, бирок кагаз түрүндөгү макулдашуунун создуктурулушунан улам аны кароо токтоп калган.