Садыр Жапаров Кипрдин тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент 698 08 Июнь 2026 16:35
718174238_27231140393172612_4946819540838731139_n (1).jpg
719883952_27231140403172611_3200843240721739109_n.jpg
718190679_27231140623172589_8061392019459719055_n.jpg
718895742_27231140679839250_1332439304060422933_n.jpg
Алдыга
Артка
718174238_27231140393172612_4946819540838731139_n (1).jpg
719883952_27231140403172611_3200843240721739109_n.jpg
718190679_27231140623172589_8061392019459719055_n.jpg
718895742_27231140679839250_1332439304060422933_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда өлкөгө расмий сапары менен келген Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды.

Жолугушууда эки жактуу жана көп тараптуу форматтагы өз ара кызматташтык келечеги талкууланды.

Президент туризм, инвестиция, финансы жана банктар аралык байланыштар жаатында, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүлөрдү тереңдетүүгө көңүл бурду.

Өз кезегинде Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул олуттуу жетишкендик жана эл аралык коомчулуктун жогорку ишеним көрсөтүүсүнүн далили экендигин белгиледи.

Ал Кыргызстанга эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүү үчүн келгенин белгилеп, бул үчүн тараптардын жетиштүү потенциалы бар экенин айтты.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Константинос Комбоско куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкка даярдыгын билдирди.