Садыр Жапаров кесиптештерине кайрылып, БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Кыргызстанды колдоону өтүндү

Президент Загрузка... 18 Май 2026 00:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Фейсбуктагы өзүнүн жеке баракчасы аркылуу кесиптештерине кайрылып, БУУнун Коопсуздук кеңешине өтүүчү шайлоодо Кыргызстанды колдоону өтүндү.

"Урматтуу мамлекет башчылары,

2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йорк шаарында өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоосунун алдында сиздерге кайрылып жатам.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө геосаясий атаандаштык күчөп, эл аралык укуктун универсалдуулугу алсырап, чыр-чатактардын келип чыгуу коркунучу күндөн күнгө өсүүдө.

Учурдагы геосаясий динамика бул баамдоону тастыктап турат.

Дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы, анын ичинде Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы куралдуу кагылышуулар эл аралык системаны өз сыноосунан өткөрүүнү улантууда.

Дүйнөдөгү болуп жаткан аскерий чыр-чатактарга үч триллиондон ашык АКШ доллары сарпталууда.

Бул өлчөмдөгү каражаттар бүткүл адамзатка татыктуу жашоону камсыз кыла алмак.

Эгерде бул чыгымдар планетаны жашылдандырууга жана айрым өлкөлөрдөгү ачарчылыкты жоюуга сарпталса, анда планетабыз гүлдөгөн бакчага айланмак.

Мындай шарттарда БУУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин курамында инклюзивдик жана адилеттүү өкүлчүлүгүнүн болушу, ошондой эле бул Кеңештин бүткүл эл аралык коомчулуктун атынан чечим кабыл алуучу орган катары өзүнүн легитимдүүлүгүн сактап калуу жөндөмдүүлүгү биринчи планга чыгууда.

Кыргыз Республикасы Кеңештин курамындагы тең салмаксыздыктын, өзгөчө чакан, өнүгүп келе жаткан жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок мамлекеттердин жетишсиз деңгээлде катышуусу мындан ары сакталып калышы жамааттык коопсуздуктун бүтүндөй архитектурасынын туруктуулугуна доо кетирет деген позицияны карманабыз.

Бул БУУнун негизги органында ар кандай мамлекеттердин топторунун иш жүзүндөгү өкүлчүлүгүн кеңейтүү саясий тандоо эмес, объективдүү зарылдык болуп саналат.

Кыргызстан блоктордун милдеттенмелеринин системасы менен байланышкан эмес жана тирешүүчү геосаясий конфигурацияларга тартылган эмес.

Бул бизге Коопсуздук кеңешинин алкагында поляризацияны азайтууга жана функционалдык диалогду калыбына келтирүүгө багытталган тең салмактуу, көз карандысыз жана прагматикалык позицияны карманууга мүмкүндүк берет.

Биздин мамилебиз БУУнун Уставынын шартсыз артыкчылыгына жана аны тандап колдонууга жол бербөөгө негизделет.

Биз кош стандарттар практикасына, гуманитардык күн тартибин саясатташтырууга жана Кеңештин механизмдерин тар кызыкчылыктарда колдонууга ырааттуу түрдө каршы чыгабыз.

Бул мамиленин иш жүзүндөгү натыйжалуулугу Кыргыз Республикасынын аймактык туруктуулукту камсыз кылуудагы тажрыйбасы менен далилденүүдө.

Борбор Азиянын татаал чыр-чатактан кийинки жана трансформациялык шартында биз чектеш мамлекеттер менен чек араларды делимитациялоонун бардык маселелерин өзгөчө тынчтык жолу менен гана аягына чыгарууга жетиштик.

Бул декларативдик позиция эмес, бул коопсуздуктун эң сезимтал маселелери да, сүйлөшүүлөрдүн жана кызыкчылыктарды өз ара эске алуунун негизинде жөнгө салынарын көрсөткөн ишке ашкан модель да болуп саналат.

Эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин үч жолку мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо боюнча ырааттуу иш алып барууда жана өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантууда.

2025-жылы кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (парламентинин) депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, аялдар, жаштар, этникалык азчылыктар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн квоталар киргизилген.

Дүйнө жүзү боюнча парламентте аялдарга эң көп орун берген биздин өлкө.

Биз биринчи орунда турабыз.

Мындан тышкары, аткаруу жана сот бийлигиндеги гендердик квоталарды жөнгө салуучу укуктук ченемдер кабыл алынды.

Министрлер кабинетин түзүүдө, судьяларды тандоодо, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин дайындоодо бир жыныстын өкүлчүлүгү эми 70%дан ашпоого тийиш.

БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланып отүп калсак Кыргыз Республикасы Коопсуздук кеңеште прагматикалык, саясатташтырылбаган жана туруктуу чечимдердин жактоочусу катары иш алып барат.

Биздин артыкчылыктуу багыттарыбыз төмөнкүлөрдү камтыйт: алдын алуучу дипломатиянын ролун күчөтүү; ортомчулук механизмдерин өнүктүрүү; куралдарды жайылтпоону жана өзөктүк куралсызданууну илгерилетүү; климат менен коопсуздуктун ортосундагы өз ара байланышты институтуциялаштыруу.

Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын массалык жабыркоочу куралдан толугу менен баш тартуу принциптеринде ырааттуу түрдө жүргүзүп келет.

Биз Борбор Азияда өзөктүк куралдан эркин зонаны түзүүнүн башатында турабыз жана куралсыздануу чөйрөсүндөгү негизги эл аралык демилгелердин катышуучусу болуп саналабыз.

Кыргызстандын 2025-жылы Өзөктүк куралга тыюу салуу жөнүндө келишимге кол коюшу биздин өзөктүк куралсыз келечек глобалдык коопсуздуктун негизи болуп саналат деген ишеничибизди чагылдырат.

Туруктуу өнүгүү жана коопсуздук маселелерине биздин мамилебиз комплекстүү мүнөзгө ээ.

Деңизге чыга албаганына карабастан, 2025-жылы өлкөбүз деңиздеги биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө макулдашууга (BBNJ) кошулуп, глобалдык экосистемаларды коргоого берилгендигибизди ырастадык.

Тоолуу өлкө катары биз глобалдык экологиялык системанын туруктуулугу бөлүнгүс деген түшүнүккө таянуу менен, жаратылыш системаларынын өз ара байланышы боюнча "тоолордон океандарга чейин" концепциясын илгерилетип жатабыз.

Кыргызстан Афганистандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурууну көздөйт.

Биз Борбор Азиянын коопсуздугу бул өлкөнүн туруктуулугунан ажырагыс деген позицияны карманабыз.

Биз афган элине, анын ичинде аялдар менен балдарга туруктуу гуманитардык жардам көрсөтүп келебиз жана анын дүйнөлүк коомчулукка маал маалы менен экономикалык жана саясий интеграцияланышын жактайбыз.

Кыргыз Республикасынын талапкерлиги Борбор Азия мамлекеттеринин бир добуштан колдоосуна ээ, бул аймактык консолидациянын сапаттык жаңы деңгээлин чагылдырат жана Коопсуздук кеңешинде мамлекеттердин кеңири чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын эске алган, макулдашылган жана жоопкерчиликтүү позиция менен чыгууга даяр экендигибизди тастыктайт.

Кыргызстан Коопсуздук кеңешине мүчө болууга өзгөчө маани берет жана муну жергебиздеги элдердин тагдыры үчүн жогорулаган жоопкерчилик катары карайт.

Кеп эл аралык системанын башкарылуусу Коопсуздук кеңештин натыйжалуулугунан түздөн-түз көз каранды болгон мезгилдеги конкреттүү иш-аракеттер жөнүндө болуп жатат.

Биз Кеңештин өзүнүн баштапкы функциясына – чыр-чатактарды саясий коштоо эмес, укукка, кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна жана чыр-чатактардын алдын алууга негизделген чечимдерди иштеп чыгууга кайтып келүү зарылдыгынан чыгабыз.

Биздин өлкө башка алтымыш мамлекет менен бир катарда Коопсуздук кеңешине эч качан мүчө болгон эмес, ал эми биздин атаандашыбыз — Филиппин — буга чейин Кеңештин курамына төрт жолу шайланган.

Кыргызстандын шайланышы дүйнөлүк коомчулуктун тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана бардык өлкөлөргө БУУнун алдыңкы органына шайланууга тең укуктуулукту камсыз кылууга болгон саясий эркинин далили болот.

Шайланган учурда, биз Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жана ачыктыгын андан ары жогорулатууга, глобалдык чакырыктарды жана коркунучтарды чечүү боюнча эл аралык коомчулуктун жамааттык аракеттерине татыктуу салым кошууга убада беребиз.

Сиздер, Улуу Мартабалуулар, 2026-жылдын июнь айындагы добуш берүүдө Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтөсүздөр деп терең ишенем.

Сиздерге болгон терең урматымды жана сиздердин элиңиздерге тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалоолорумду кабыл алууңуздарды суранам", - деди мамлекет башчысы.