Бишкек, 31.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, Кыргызстанда ишке ашылырып жаткан ири инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды.
Буга байланыштуу КЭР төрагасы кытай компанияларын аларды, анын ичинде "Тамчы" атайын каржы-инвестициялык аймагын жана "Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексин түзүү долбоорлорун ишке ашырууга чакырууга даяр экендигин билдирди.