Садыр Жапаров: Кемчиликтер бар, бирок ийгиликтер көбүрөөк

Президент Загрузка... 12 Апрель 2026 14:30

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Идеалдуубуз дебейм, кемчиликтерибиз бар, бирок ийгиликтерибиз көбүрөөк. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчысы Ош облусунун тургундары менен жолукканда ар кандай суроолор берилип жатканын, бирок сындарды көтөрө турганын айтты.

“Текшергиле, ким келсе киргизгиле деп айтып жатам. Менин мисалы, жашырына турган же элден кача турган эч нерсем жок. Кечээ-бүгүн мага карата кандай катуу суроолор берилип жатат. Сындарды айтсын аны да көтөрөбүз. Бардыгы жипке тизгендей болбойт да. Сөзсүз кемчилигибиз болот, биз тим эле укмушпуз, идеалдуубуз деп айта албайм. Бизде деле кемчилик бар. Иштебеген адамда кемчилик болбойт, биз иштеп жатабыз. Анча-мында кемчилик кетиребиз. Бирок, ийлигибиз көп да, ошондуктан мен коркпойм. Бардык суроолорго жооп берем”, - деди Садыр Жапаров.