Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. "Алдыда келе жаткан жылдары айылдарга эле эмес, керек болсо алыскы жайлоолорго чейин асфальт жеткиребиз. Ага мамлекеттин күчү да, каражаты да жетет. Тек гана убакыт керек бизге", - деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолунун ачылыш аземинде.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу кара-кулжалык, өзгөндүк агайын-туугандар!
Мында олтурган кадырлуу аксакалдар жана ардактуу меймандар!
Мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө сапаттуу салынган жолдор, үзгүлтүксүз каттамдар жана жүк ташуулар өбөлгө болорун жакшы билесиздер. Ошондуктан өлкөбүздө жол тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Стратегиялык маанидеги жолдорду, эл аралык коридорлорду, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду салуу максатын көздөп, бюджеттик каражаттын көлөмүн эселеп көбөйтүү аракетиндебиз. Буга чейин жолдорубуз насыяга, чет элдик компаниялардын жардамы менен салынып келсе, эми жолдордун дээрлик 80 пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен, ата мекендик ишканалар тарабынан курула баштады.
Бүгүн сиздер менен мына ошондой жагымдуу саамалыкта жолугушуп жатканыма абдан курсант болуп турам. Анткени бүгүн биз Ош дубанында маанилүү жол каттамдарынын бири – элибиз көптөн күткөн “Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолунун капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки расмий ачылыш аземинде турабыз.
Эң оболу, “Жолу оңолгондун иши оңолот” деген накыл кептегидей, баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнүн алдында эл турмушунда маанилүү роль ойногон бул жолубуздун ачылышы менен чын дилимден баарыңыздарды куттуктаймын! Жолубуз өлкөбүздүн инфратүзүмүн өркүндөткөн, аймактардын ортосундагы байланышты арттырган, элдин жашоо сапатын жогорулатууну шарттаган жолдордон болсун!
Ардактуу мекендештер!
Учурунда биздин алдыбызда өлкөнүн көз карандысыздыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн чыңдоо максатында чек араларды тактоо, өлкө бюджетин арттыруу менен өзүнүн күнүмдүк турмушуна эптеп жеткен бюджеттик мекемелердеги эмгек акыларды көтөрүү сындуу бир катар чоң-чоң көйгөйлөр турду эле. Бирок мындай негизги көйгөйлөр менен катар өлкө экономикасын жандандыруу маселесинде дал ушул союздан калган жолдорубузду оңдоо муктаждыгы дагы күн тартибине чыккан.
Мындан улам, өлкөбүздө жол-транспорт тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга кириштик эле. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо жана реконструкция боюнча масштабдуу иштерди аткаруу тапшырмасын койгом.
Өлкөбүздүн аймагында көптөгөн жолдорубуз жаңы салынып же оңдолуп-түзөлүп жатканы менен, союз маалынан калган жолдорубуз дагы бир топ. Мындай жолдорубуз өз милдетин эчак эле ашыкча аткарып, эми жедеп жыртылып, жамап-жаскоого да жарабай калды. Өлкɵ ичинде автоунаалардын саны арбыган сайын эски жолдорубуздун шайы таптакыр эле кетип калган экен.
“Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолу дагы мына ошондой жолдордун бири эле.
Мен эл менен баарлашкан учурларымда дагы, келип түшкөн арыздарда дагы, эл тарабынан көтөрүлгөн эң биринчи көйгөйлөрдүн бири дал ушул жол маселеси болуп келген. Тилекке каршы, эгемендик алгандан берки 30 жылдын ичинде канча жетекчилер алмашты, бул жолдун маанилүүлүгүнө көз кырын салып, эл үчүн оңдоп коюуга аракеттер болбогону өкүндүрөт.
Мына ошондуктан, биринчи кезекте, облус элинин райондор аралык жол каттамдарындагы кыйынчылыктарын чечүү, ошол эле маалда облустун социалдык-экономикалык байланыштарын арттыруу милдетин койдум. Жолдордун инфратүзүмүн жакшыртуу максатында өлкөнү Турукташтыруу фондунан Ош – Баткен – Раззаков жолунун Ноокат – Кызыл-Кыя бөлүгүнө жана Өзгөн – Мырзаке – Кара-Кулжа жолуна кошумча 4 миллиард сом бөлүү чечими кабыл алынган. Натыйжада Өзгөн – Мырзаке – Кара-Кулжа жолу бүгүн расмий түрдө колдонууга берилип олтурат. Мындан тышкары, Ош – Кара-Суу жолун оңдоо колго алынганын, кийинки жылы Кара-Кулжа – Алай райондорун бириктирген жол каттамына көңүл буруларын кошумчалай кетейин.
Урматтуу агайын-туугандар!
Ушундай аймактар ортосундагы байланышты жаңы деңгээлге чыгара турган мамлекеттик маанидеги ири долбоорлордун бири катары “Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа” жолу дагы ийгиликтүү жүзөгө ашты. Бүгүнкү күндө бул жолдун 34 чакырымы капиталдык оңдоодон өтүп, заман талабына ылайык жол салынды. 4 айдын ичинде бул жол толугу менен оңдолуп-түзөлүп, элибиздин колдонуусуна берилип олтурат.
Бул долбоордун ишке ашырылышы менен жарандар үчүн, айрыкча, өзүңүздөр билгендей, Кара-Кулжа, Мырза-Аке, Өзгөн элинин ары-бери каттоосу кыйла жеңилдеп, соода-сатык жанданып, экономикалык жана социалдык байланыштарга жаңы дем берет деп ишенем. Жолдун жасалышы менен каттам убактысы үнөмдөлүп, элдин турмушунун жакшырышына, жергиликтүү өндүрүш, ишкердик жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт.
Бул тармакта эмгектенген ар бир жолчу жана транспорт кызматкери өз ишине терең жоопкерчилик менен мамиле кылып, сапаты жана мɵɵнɵтүнɵ дыкат кɵңүл бурду деп ишенем. Жолчулардын чыдамкайлык, кесипкөйлүк жана талыкпас эмгеги аркылуу ири долбоорлор ишке ашып отурат. Мындан улам, жол тармагынын кызматкерлерине ыраазычылык билдире кетейин.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүнкү күндүн дагы бир өзгөчөлүгү, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолу менен бирге, өлкөбүздүн бир катар аймактарында алтымыштан ашуун жаңы өндүрүш ишканаларын онлайн форматта ачканы турабыз.
Ачылып жаткан ишканалар айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүдөн тартып, курулуш материалдарын өндүрүүгө, текстиль жана жеңил өнөр жай тармактарына чейин кеңири багыттарды камтыйт. Буюрса, бул ишканаларда миңдеген жумуш орундары түзүлүп, жүздөгөн үй-бүлөлөрдүн киреше булагына айланат, өлкөбүздүн экономикасында жаңы дем пайда болот.
Бул жаңы объектилердин ийгиликтүү иштеп, продукциясы ички жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болоруна үмүтүм чоң. Эми элибизге жана мамлекетибизге пайда келтирем деген ниеттеги ишкерлерибиздин мындай демилгелерин жапырт колдоого алышыбыз зарыл.
Учурдан пайдаланып, элибизге жумуш орундарын түзүп, мамлекеттин демилгелерин колдоого алып, өндүрүш ишканаларын ачып жаткан ички жана тышкы инвесторлорго, ишкерлерибизге элдин атынан ыраазычылык билдире кетейин. Мындан ары дагы жалпы элдин кызыкчылыгындагы объектилерди салуудагы ишмердигиңер кеңейе берсин. Биз сиздерди ар тараптан колдойбуз. Ишиңерди ийгиликтер коштосун, элдин кубанычына себепкер болуп жүрө бериңиздер.
Бүгүнкү салтанаттуу иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолу менен бирге ачылып жаткан ишканаларыбыз – элдин ишеними менен мамлекеттин чечкиндүүлүгүнүн айкалышы.
Бул объектилер жөн гана инфратүзүм эмес, бул эл үчүн мүмкүнчүлүк, өлкө үчүн туруктуулук, келечекке болгон инвестиция.
Биздин негизги максатыбыз — жолдорду, социалдык объектилерди жаңыртуу, өндүрүш ишканаларын куруу менен бирге, ар бир жаран үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап жашоо шарттарын түзүү болуп саналат.
Аймактардын өнүгүүсү бара-бара жалпы улуттук өнүгүүнүн өзөгүн түзөт десек болот.
Буюрса, мындай иштерибиз мындан ары да бардык аймактарда улана берет. Моюнга алабыз көпчүлүк райондордо мурдагыдай эле акыбал начар, жолдор жаман, ооруканалар эски, айрым айылдарды мектептер да жакшы эмес. Бирок биз жакынкы жылдарда ошол аймактарга да жетебиз. Жолдорун жасайбыз, ооруканаларын салабыз, мектептерин жаңылайбыз. 30 жыл каралбай калган аймактарды жандантабыз. Ошондуктан биздин колубуз жете элек аймактардагы жарандарыбыздан “кичине чыдап туруңуздар” деп суранып кетет элем. Алдыда келе жаткан жылдары айылдарга эле эмес, керек болсо алыскы жайлоолорго чейин асфальт жеткиребиз. Ага мамлекеттин күчү да, каражаты да жетет. Тек гана убакыт керек бизге. Бир жылда баарын тегиз жаңыртып коюш кыйын экен. Ошондуктан алдыда келе жаткан 4-5 жылда баарын жасап үлгүрөбүз.
Урматтуу мекендештер,
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 34 жылдыгы жана бүгүнкү объектилердин ачылышы менен дагы бир жолу куттуктайм!
Ар бир жаңы жол өнүгүүнүн башаты болсун!
Жолубуз түз, сапарыбыз ачык, келечегибиз кең болсун!”.