Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент 977 22 Август 2025 12:35
536272697_1317354020399229_6508255981275966680_n (1).jpg
536278983_1317354017065896_4400625606965705224_n.jpg
536282472_1317354057065892_1552666682297279422_n.jpg
537446726_1317354063732558_316491552171565905_n.jpg
Алдыга
Артка
536272697_1317354020399229_6508255981275966680_n (1).jpg
536278983_1317354017065896_4400625606965705224_n.jpg
536282472_1317354057065892_1552666682297279422_n.jpg
537446726_1317354063732558_316491552171565905_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак элдеринин түпкү тамыры терең экенин белгиледи.

«Биздин мамилелерибиз Токтогул менен Абайдай, Чыңгыз менен Мухтардай аталарыбыз салган из менен байланган. Тарыхыбыз бизге калтырган мурасыбызды дат бастырбай, чаңдатпай келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү биздин негизги максатыбыз деп эсептейбиз», - деди Кыргызстандын президенти.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык айтып, бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

«Казак-кыргыз – бир тууган эл. Биздин тарыхыбыз бир, каада-салттарыбыз жана дүйнө таанымыбыз окшош. Эзелтен бери эки эл Ала-Тоонун этегинде тынчтыкта жана ынтымакта жашап келишет. Бүгүнкү күндө биздин өз ара аракеттенүүбүз стратегиялык өнөктөштүк нугунда динамикалуу өнүгүүдө.

Биз өз ара сый-урматка негизделген бардык деңгээлдеги саясий диалогду чыңдадык. Мамлекеттер аралык, парламенттер аралык, өкмөттөр аралык кеңештер ийгиликтүү иштеп жатат, аймактар аралык байланыштар жолго коюлган.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы бекем көп кырдуу кызматташтык биздин мамилелерибиз жыл сайын чыңдалып жатканынын далили»,- деп белгиледи Казакстандын президенти.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчылары стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда кыргыз-казак мамилелерин өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда мындан ары да тереңдетүүгө умтуларын ырасташты.